«Улгайгандар үчүн ресурстук борбордун» активисттери Балыкчыдагы жалгызбой пенсионерлердин борборунун имаратын оңдоого 8 миң доллар каражат топтоо максатында белгилүү IndieGoGo платформасында өнөктүк баштоону пландап жатышат. Учурда керектүү каражаттын ондон бир бөлүгү чогулду.

Уюмдун президенти Наталья Баштовенко Балыкчыдагы пенсионерлер борбору — улгайган адамдар социалдык, турмуш-тиричиликтик жана юридикалык кызматтарды ала ала турган өлкөдөгү жалгыз жер экенин айтты. Азыр борбордун келечеги бүдөмүк, анткени ал жайгашкан имарат тез аранын ичинде оңдоп-түзөөгө муктаж.

«Имарат абдан эски: анда пайдубалы жок жана ал жер астындагы сууларда жайгашкан. Ал жакка барган 22 адам чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатышат», — деди Баштовенко.

Poster1

Анын айтымында, борборго барган улгайган адамдар өз жандарын багуу үчүн нымдуу жана муздак имаратта үй кесмесин жасап сатып келишет.

Коомдук жайларга коюлган кутучалар аркылуу жеке кайыр-садагалардын эсебинен активисттерге имаратты оңдоо үчүн керек болгон тогуз миң доллардын 990 долларын чогултууга мүмкүн болгон.

Активисттер жетишпеген каражатты чогултуу үчүн IndieGoGo краудфандинг платформасында өнөктүк баштоо ниетинде. Топтолгон акча эшиктерди, терезелерди, электр үнөмдөөчү лампаларды жана имаратты жылытуу үчүн бир күн коллекторун орнотууга жумшалат деп болжолдонууда.

Баштовенконун айтымында, өнөктүк имаратты кармап турууга жыл сайын 810 АКШ долларын үнөмдөөгө жардам берет. Андан сырткары 40ка жакын пенсионер борбордо бир жыл бою үч маал тамак ичүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«Улуу муунду колдоо менен алектенүүнү каалагандар аз, бирок ошентсе да биз улгайган адамдардын бир аз бөлүгү болсо да жайлуу шарттарда жашашы үчүн өлкөбүздүн бардык жарадарын анча чоң эмес сумма кошууга чакырабыз», — деди Баштовенко.

Poster2

Каражат топтоо бир нече жол менен ишке ашырылат:

  • Эл аралык www.indiegogo.com краудфандинг платформасы (шилтеме жакынкы күндөрү кошушат) аркылуу;
  • Mobilnik.kg төлөм системасындагы «Кайрымдуулук» бөлүмү аркылуу («Улгайгандар үчүн ресурстук борбордун» эсебине акча которуу керек;
  • 0772650905 номуру аркылуу «Элсом» электрондук капчыгы аркылуу;
  • Төмөнкү атайын алыш-бериш эсептеринин бири аркылуу:

1180000070741094 EUR
1180000070740892 SOM
1180000070740993 USD
Улгайгандар үчүн ресурстук борбор
Демир Кыргыз Интернешнл Банкы, (Бишкек, Кыргызстан
СВИФТ: DEMIKG22
ДКИБ-М.Горький көчөсүндөгү өкүлчүлүгү
БИК: 118006
Дареги: Кыргызстан, Бишкек, Тыныстанов көчөсү 105

Ошондой эле атайын кутучаларга акча салып каражат топтоого катышууга болот:

«Sierra» кофе ичүү жайларынын түйүндөрүндө:

  • Манас проспектиси 57/1, Орусиянын элчилигинин жанында;
  • «Таш-Рабат», экинчи кабат, «Таш Рабат» соода борборунун батыш каптал жагы;
  • Медеров көчөсү 52, Совет/Медеров;
  • БААУ, жаңы кампус: Аалы Токомбаев көчөсү 7/6.

«Burger House» кафелер түйүндөрүндө:

  • Киев көчөсү 71, Арабаев атындагы университеттин маңдайы;
  • «Космопарк» оюн-зоок борбору, экинчи кабат.

Видео: Хлоя Гейне
Монтаж: Азат Рузиев