Кыргызстандык кыздарды кемсинтүү тартылган видео «Фейсбук» соцтүйүнүнө жарыяланды. Анда белгисиз балдар кыздардын эмнеге азер улутундагылар менен жолугушуп жаткандыктары боюнча кыргыз тилинде сурак жүргүзүшкөн. Учурда милиция ал видеонун каармандарын издеп жатат.

Видео 15-февралда «Фэйсбук» соцтүйүнө жарыяланган. Анда бир нече бала болжолдуу түрдө Кыргызстандан барган эки кызды кыргыз тилинде суракка алып жаткандыгы тартылган.

Окуя болжолдуу түрдө Москва облусунун Коломна шаарындагы «Solo» түнкү клубунда болгон.

Анда белгисиз балдар кыздардан эмнеге кыргыз эмес, а азер жигиттер менен жолугушуп жаткандыктарын сурашкан.

«Азер менен кафеге баргандан уялбай камерага түшкөндөн уяласыңбы?» — деген видеодо белгисиз балдардын бири.

Кыздардын бири «кыргыздардан көңүлү калып», ошондуктан башка улуттагы жигиттер менен жолугушуп жатканын айтып түшүндүргөн.

«Менин жигитим кыргыз болчу. Ал орус кыз менен жоугушуп баштаган, азыр алар менин батиримде чогуу жашашат», — деген ал.

Видео башталгандан тарта кыздардын бирөөсү өз жүзүн жашырууга, а беркилер анын колун алып бетин көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Видео балдардын бири кыздарга азербайжандыктардын «кыргыз эмес» экендиги тууралуу кыйкыргандыгы жана кыздардын биринин анын күйөөсү этникалык өзбек болгондугун айтуусу менен аяктаган.

Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев «Фэйсбуктагы» баракчасына видеодогуларды издөө тууралуу билдирүү жайгаштырды.

«Урматтуу «Фэйсбуктагы» достор, эгер кимдир бирөөңөр бул кыздарды таанысаңар же бул билдирүүнү өзүңөр окуп жатсаңар, анда Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Анонимдүүлүк кепилденет», — деп жазылган ал билдирүүдө.

Өкүлчүлүктүн өзүнөн Kloop.kgге алар окуя болгон кафенин кызматкерлерин суракка алгандыктарын билдиришти.

«Биз ал балдарды издеп жатабыз. Кечээ ал окуя болгон кафеге барып, күзөт кызматкерлерин суракка алдык. Азырынча кыздарды таба элекпиз», — деп билдиришти Kloop.kgге Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн.

Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге алар видеонун аныктыгын текшерип, окуя тууралуу маалыматтарды топтоо ниетинде экенин билдирди.

Бирок анын айтымында, бул боюнча орусиялык укук коргоо органдары чараларды көрүүсү керек.

«Мында орусиялык полиция чараларды көрүүсү керек, анткени окуя алардын аймагында болуп жатат», — деди ал.

Осмонбаев кыздарды кемсинткендерди жоопко тартуу үчүн жабырлануучулардын арызы керектигин кошумчалады.

Бул кыргызстандыктар башка улуттун өкүлдөрү менен байланышка барган кыргыз кыздарын кемсинткен алгачкы учур эмес. Көбүнчө мындай видеолор интернетке өздөрүн «патриоттор» деп атаган топ тарабынан чыгарылат.

2015-жылдын башында интернетке жылаңачталган кыздын суракка алынышы тартылган видео жарыяланган.

Анда белгисиз балдар өзүлөрүн Кыргызстандан барган «патриоттор» деп аташып, кызды кыргыз эмес, а башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле түзгөн деп айыпташкан.

Автор: Александра Ли