Орусиянын «Биринчи каналы» Москва метросунун рельстерине кулап кеткен аялдын куткарылгандыгы тууралуу сюжетин өзгөрттү. Жаңы версиясында журналисттер полиция кызматкери менен бирге аялга жардам берген кыргызстандык Марат Исаевди кошуп, аны да көрсөтүшкөн.

«Биринчинин» журналисттери каналдын «Фэйсбуктагы» баракчасындагы көптөгөн сын-пикирлерден кийин Москва метросундагы окуя тууралуу сюжетин өзгөртүштү.

Колдонуучулар сюжеттин алгачкы версиясында рельсаларга кулаган аялдын куткаруучусу катары полиция кызматкери Артём Королюк аталып, ал эми ага жардам көрсөткөн кыргызстандык Марат Исаев журналисттердин көңүл сыртында калгандыгына нааразчылыктарын билдиришкен.

Бир канча сааттан кийин «Биринчи каналдын» сайтында сюжеттин жаңы версиясы пайда болуп, анда кыргызстандыктын аты-жөнү айтылган.

«Эки адамдын баатырдыгы. Кенже сержант Артём Королюк менен кыргызстандык Марат Исаев жабырлануучуну өтө тездик менен рельстердин ортосуна жаткырышып, андан соң өздөрү да чалынып барып жатып калууга жетишишкен. Албетте, коркунучтуу болгон, бирок алар башкача кадамга бара алышкан эмес», — деген текст менен Исаевдин сүрөтү кошулган сюжеттин жаңы версиясына.

11-февраль күнү күндүз эфирге чыккан жаңылыктардагы сюжетте аялды эки киши куткаргандыгы айтылган.

«Эки эркек киши кызды рельстердин ортосуна жаткырууга жетишишкен. Андан соң өздөрү да жатышкан. Алардын бири — ошод күнү станцияда нөөмөттө болгон полициянын кенже сержанты Артём Королюк болгон», — деп айтылган ал сюжетте.

Андан соң репортажда аялдын бир гана куткаруучусу — Королюк тууралуу гана кеп болгон. Журналисттер полиция кызматкеринен интервью алышкан, бирок ага жардам көрсөткөн кыргызстандыктын аты-жөнү көңүл сыртында калтырылып, ал тууралуу бир дагы сөз айтылган эмес.

Буга нааразы болгон «Фейсбуктун» колдонуучулары видеонун алдындагы пикир калтыруу бөлүгүнө каналдын маалыматтык саясатын сынга алышып, сюжетке Исаев тууралуу маалыматтын кошулушун талап кылышкан.

«Объективдүү жалган жаңылыктар. Уят! Кантип ушинтип экинчи киши тууралуу ооз ачпай коюуга болсун?», — деп жазган Раимбек Абдымаликов аттуу колдонуучу.

Колдонуучулар журналисттин эмне себептен полиция кызматкерине жардм берген экинчи адамдын аты-жөнүн айтпагандарына айран-таң калышкан.

«Экөө биригип куткарышты, а сыйлыкты бирөө эле алабы? Себеби эмнеде? Же эмне, каналга экинчисинин улуту туура келбейби? Алар азаматтар! Кайраттуулуктары үчүн рахмат! Бирок эмнеге экинчи баатыр тууралуу эч нерсе айтпай жатышат?», — деп суроо салган Лана Счастливая деген колдонуучу.

«Биринчи» — метродогу куткаруу операциясындагы Исаевдин ролу тууралуу дээрлик эч нерсе айтпаган жалгыз орусиялык канал эмес. Дагы бир ири федералдык канал — «Россия 24» — өз репортажында аны «дагы бир жүргүнчү», ал эми RenTV каналы — «Исаев аттуу эркек киши» деп атаган. ТВЦ телеканалы кыргызстандыкты «күбөлөрдүн бири» деп атаган.

«Эмнеге секирдим десең, келесоомун!»

Окуя 11-февраль күнү «Красносельская» станциясында болгон. Талма оорусунан улам Юлия Валь күтүүсүздөн рельстерге кулап кеткен. Аны алып чыгууга кенже сержант Артем Королюк аракет кылган.

Ошол маалда ага жардамга Кыргызстандын жараны Марат Исаев барган — жакындап калган поездди көрүп, алар экөөлөп аялды рельстердин лотогуна алып барышып, өздөрү да ошол жакка жатышкан. Качан поезд өтүп кеткенден кийин алар жабырлануучуну платформага алып чыгышкан.

«[…] Качан поезд токтоп, машинист чыңалуу токтогонго чейин кыймылдабагыла деп кыйкырганда мен: «Эмнеге секирдим десең, келесоомун», деп ойлодум. Биз караңгылыкта жатканыбызда аял өзүнө келип, мени муштумдары менен уруп баштады. Мен ага таарынбай элем, ал эмне кылып жаткан билген эмес да», — деген Исаев «Московский комсомолец» гезитине курган маегинде.

Аял ооруканага жеткирилген, окуянын катышуучуларынын эч киммиси жабыркаган эмес.