Бишкектин бийлиги 2010-жылдагы апрель революциясы маалында өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна соода же кеңсе борборун куруу ниетинде.

2016-жылдын январынын аягында Киев, Орозбеков, Токтогул жана Панфилов көчөлөрү менен чектешкен аймакка имараттарды куруу боюнча мыкты долбоорду тандоо сынагынын жыйынтыгы чыккан.

Ал аймакта 2010-жылдагы революция маалында өрттөлгөн Башкы прокуратуранын мурдагы имараты бар.

Сынакта Акмат Алсейитов, Мунарбек Сатыбаев жана Адис Абдрасулов деген архитекторлордон турган топ жеңүүчү деп табылган. Алар Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна мрамор менен кооздолгон соода же кеңсе борборун курууну сунушташкан.

11

Долбоордун түзүүчүлөрүнүн айтымдарында, Бишкектин борборундагы имарат бир стилде болушу керек — Башкы прокуратуранын мурдагы имаратына коңшулаш жайгашкан имараттар да мрамор менен кооздолгон.

«Шаар түзүүчү басымдуулук кылган имараттар бар — «Агропром», тарых музейи, аркасы бар борбордук ансамбль. Долбоорубузду жаратууда биз ошол имараттарга көңүл бурдук», — деди Алсейитов Kloop.kgге курган маегинде.

Долбоорго ылайык, «Агропромдун» имаратынын артында гүлбакча болот. Азыр ал жерде окуу жай жана жатакана бар — ал имараттар менен эмне болору белгисиз.

22

Азырынча долбоорду каржылоо маселеси ачык бойдон калууда — Бишкек шаардык кеңеши долбоорду ишке ашырууга акчаны кайсыл булактан бөлө тургандыгын чечиши керек болот. Бирок азырынча жыйындын так датасы белгисиз.

Азырынча Башкы прокуратуранын мурдагы имаратын түрттүрүү датасы да белгисиз.

360° видео: Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ичи кандай?

Урматтуу окурмандар! Бул 360-градустук видео. Силер аны өзүңөр каалагандай «айлантсаңар» болот. Ал үчүн чычканды (компьютерде) же манжаларыңызды (мобилдик түзмөктөрдө) пайдалансаңар болот.

Гүлбакча же бизнес-борбор?

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган архитекторлор аталган кварталдын кандай курулушу керектиги боюнча өз пикирлерин билдиришти. Рыспек Ибраимовдун айтымында, квартал «бүтүн», бирдиктүү архитектурда болушу керек.

«Кварталдар болушу керек деп баштагандыктары туура. Антпесе шаарда башаламан курулуштар жүрүп жатат. Архитекторлор эмес, а жөнөкөй адамдар дагы «Эмне деген башаламандык?» деп айтып башташты. Бул жакта көп кабаттуу үй пайда болду, тигил жакта пайда болду», — деди ал.

Архитекторлор бирлигинин мүчөсү Юсуф Тагиров «заманбап архитектуранын артынан түшүп» кереги жок деп эсептейт.

«Бирок технологиялар боюнча биз эч качан чет өлкөдөгүдөй болбойбуз. Улуттук айкалыштардын элементтери — биз мына ошолорду карманышыбыз керек», — деди Тагиров.

Ак үйдүн (азыркы парламент имараты) долбоорунун авторлорунун бири Олег Лазарев тескерисинче, ал кварталга «заманбап шаардык чөйрө» керек деп эсептейт.

«Аянттын аймагында сейилдөө кварталы жаралып калды. Мисалы, аны дароо эле турак-жай кварталына айландыруу оңой болбойт. Жеке мен андайды элестете албайм. Бизге заманбап шаардык чөйрө керек. Бизнес-борбор, соода, көңүл ачуу — заманбап гумандаштырылган чөйрө», — деп эсептейт ал.

Архитектор Ороз Байкожоев «Агропромдун» артына гүлбакча курууга болот деп эсептейт. Бирок анын айтымында, андагы объектилердин ээлеринин пикирлерин да эске алуу зарыл.

Видео: Александра Ли, Дмитрий Мотинов