Түркиялык программист Ахмет Доган фотосүрөткө да кызыгат. Ал Кыргызстанга сегиз жыл мурда келип, өлкөдө биротоло калып калууну чечкен — Доган беш жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын өзгөчө жаратылышын сүрөткө тартып келет.

Доган Кыргызстанга 2008-жылы эки айлык долбоор менен келген. Ал аралыкта бийик тоолуу өлкөнүн жаратылышын жактырып калып, программа бүткөндөн кийин да бул жакта калууну чечкен.

03

04

Ал фотосүрөт менен балалуу болгондон кийин алектене баштаган.

«Ал Бишкекте төрөлгөн. Мен фотоаппаратты уулумду тартуу үчүн сатып алгам. Кийин айланадагы нерселерди тарта баштадым: тоолорду, сейил бактарын. Анан ал сүрөттөрдү мурас катары калтырууну чечтим. Уулум чоңойгондо ага анын каякта жана кантип өскөнүн көрсөтөм», — дейт Доган.

01

02

Анын айрым эмгектери «Инстаграм» фото-сервисинин «тандалмаларына» киргизилгени менен ал өзүн профессионал фотосүрөтчү деп эсептебейт.

05

06

Догандын пикиринде, фотосүрөт тартууда фотоаппараттын баасы маанилүү эмес, башкысы — керектүү кадрды көрүп, аны тартуу.

07

08

«Адамдар жөн эле кымбат фотоаппараттарга акча коротушат, бирок мен ага анчалык акча коротуп деле кереги жок деп ойлойм», — дейт программист.

09

10

Айтымында, ал Кыргызстандын жаратылышын адамдар анын сүрөттөрүп көрүп, бул жакка келишип, өлкөнү чет жактарга таанытуу менен туристтерди алып келсин деп тартат.

«Чет өлкөлүктөр мен тарткан сүрөттөрдү көрүп, бул жакка келген учурлар болгон. Мен аларга ал сүрөттөрдөгү жерлерди көрсөткөм», — деди Доган.

Текст: Айзирек Жусупова
Видео: Александра Ли
Сүрөт: Ахмет Доган