Жаңы төрөлгөн кызын жоготкон ата-эне төрөт кабыл алган жана ымыркайды дарылаган дарыгерлер менен соттошо тургандыктарын билдиришти. Алардын айтымдарында, дарыгерлер жеке сүйлөшүүлөрдө күнөөлөрүн мойундарына алышып, бирок коом алдында андай болбогондугун билдирип келишет.

Жаңы төрөлгөн кызын жоготкон үй-бүлө 9-февралда Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы төрөт үйүнүн алдына митингке чыгышып, төрөт кабыл алган дарыгерлердин жоопко тартылышын талап кылышты.

Чарчап калган ымыркайдын атасы Чыңгыз Акун уулунун айтымында, митингди уюштурууга дарыгерлердин ишти  «токтотуу» аракеттери себеп болгон.

«Эгер дарыгерлер бизге 50 миң сом сунуштабаганда биз митинг өткөрбөйт болчубуз. […] Биз акчадан баш тартып, алар күнөөлөрүн мойундарына алып, ал тууралуу коомчулукка билдирүүлөрү керектигин талап кылдык», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Ата-эне дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап жатат. Ымыркайдын апасы Мадина Муратбекованын айтымында, дарыгерлер жеке маектешүүдө өз күнөөлөрүн мойундарына алышкан, бирок ал тууралуу элге билдирүүдөн баш тартып жатышат.

«Ал [дарыгер] 1-2 гана мүнөткө чыкты. Бирок журналисттер анын күнөөсү тууралуу жана бизге акча сунуштагандыгы боюнча суроо беришкенде ал баарын танып туруп алды»,— деди Муратбекова.

Анын айтымында, прокуратура аларга тынчтык митингин өткөрүүгө толкоолдук кылууга аракет кылган.

«Прокурор митинг өткөрүүгө болбой турганын айтып баштады. Качан биз анын тынч митинг экенин жана айтканыбыздан кайтпай турганыбызды билдиргенден кийин прокурор бизге карата чара көрүп, кармай турганын айтып коркуттту. Бирок бир канча убакыттан кийин акыры уруксат берди», — деди Муратбекова.

Ал дарыгерлердин жоопко тартылышына жетүшүүгө аракет кыларын айтып, аларды сотко бере турганын кошумчалады.

«Ымыркайда инфекция болгон»

24-ноябрда Түптөгү төрөт үйүнө Мадина Муратбекова жеткирилип, 25-ноябрда көз жарган. Дарыгерлердин айтымдарында, ымыркай каканак сууга чакап, бирок аман калган.

Жаңы төрөлгөн кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Медиктер ымыркайга эмдөө жасашкан. Бир канча күндөн кийин Муратбекова кызын муздак бөлмөгө калтырып, андан улам ага суук тийгенин аныктаган.

Жабыркаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн айтымдарында, дарыгерлер ымыркайдын денесине камфара спиртин сүйкөп, батареянын жанында кармашкан. Үй-бүлө кызы күйүктөн улам чарчап калган деп эсептешет. Ал жарык дүйнөгө келгенден 15 күн өткөндөн кийин көз жумган.

Медиктер ымыркайда инифекция бар болчу деп, анын чарчап калышына апасын айыпташкан. Мадина Муратбекова менен жолдошу Чыңгыз Акун уулу тиешелүү анализдерди тапшыруу менен эч кандай инфекциянын жок болгонун далилдешкен.