Жумушчу кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер министр Гүлмира Кудайбердиева өкмөт Москвадагы өрттөн каза болгон сегиз кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн 700 миң сом бөлүп бере тургандыгын билдирди. Алардын сөөктөрүн идентификациялоо иштери аяктады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Москвада каза болгон кыргызстандыктардын сөөктөрүн идентификациялоо иштери аяктады.

10-февралда өткөн жумушчу кеңешмеде вице-премьер министр Гүлмира Кудайбердиева каза болгон кыргыз жарандарынын сөөктөрү авиатранспорт менен Ошко жеткирилип, андан ары алар туулуп-өскөн Баткен облусуна жөнөтүлө тургандыгын билдирди.

Ушул жылдын январынын аягында Москванын Стромынка көчөсүндө жайгашкан тигүү цехиндеги өрттөн 12 киши каза болгон. Алардын арасында Кыргызстандын сегиз жараны жана Орусияда жашаган эки этникалык кыргыз бар болуп чыккан.

Баткен райондук акимчилиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир каптан көмүр бөлүп берди.

Учурда ал факты боюнча Москванын чыгыш административдик аймагынын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө, кылмыш иши козголгон.