Тасмалардын расмий таркатуучу «Интерфильм Интернешнл Плюс» менен «Синематика» кинотеатрлар түйүнү «Дэдпул» тасмасын премьерасы боло турган 11-февраль күнү көрсөтүү боюнча макулдашышты.

«Синематика» «Дэдпул» тасмасы 11-февралда анын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө турганын билдирди.

«Дэдпул болот! Эртең баарыңарды премьерада күтөбүз!» — деп жарыялады «Синематика» кинотеатрлар түйүнү «Фэйсбуктагы» расмий эккаунту аркылуу.

«Синематика» тасманы көрсөтпөшү мүмкүндүгү тууралуу билдиргенден кийин «Дэдпулдун» Бишкекте көрсөтүлүшү күмөн жаратып келген.

Бирок анда кинотеатрлар түйүнү тасманын көрсөтүлбөй калышы мүмкүндүгүнүн себептерин айткан эмес.

Кийинчеээк тасманын расмий таркатуучусу «Интерфильм Интернешнл Плюс» тасманы «Манас» кинотеатрында көрсөтө тургандыгын билдирген. Бирок ал билдирүүдөн кийин «Манас» эч кандай себептерин түшүндүрбөстөн эле «Дэдпулду» прокаттан алып салган.

Бүгүн болсо «Интерфильм Интернешнл Плюс» тасманын көчүрмөсү бардык кинотеатрларда бар экендиги жазылган пресс-релиз таратты.

Аны менен катар тасманын таркатуучусу «кинотеатрлардын репертуардык пландоосунан» улам тасма көрсөтүлбөй калышы мүмкүн деген тынчсызданууларын билдирди.

«Интерфильм Интернешнл Плюска» жакын болгон булак Kloop.kgге компания менен кинотеатрлар тасманын Кыргызстанда көрсөтүлөөр-көрсөтүлбөсү боюнча маселени бүгүн чечиши керектигин билдирди.

Тасманын көрсөтүлбөй калышы ыктымалдыгы социалдык түйүндөрдө көптөгөн нааразычылыктарды жараткан — кыргыз колдонуучулары  Change.org сайтында кинотеатрларды «Дэдпулду» көрсөтүүгө чакырган петиция түзүшкөн.

«Дэдпул» — «Марвел» комикстери боюнча боевик жанрындагы тасма. Анын башкы каарманы — түрдүү тажрыйбалардын жыйынтыгында түбөлүк өлбөс болуп, акыл-эси бузулган Уэйд Уилсон.

Тери рагынын кесепеттеринен улам ал кызыл-кара түстөгү костюм кийип, өзүн «Дэдпул» деп атайт. Каармандын өзгөчөлүү мүнөзү — сарказм жана көрүүчү менен түзмө-түз сүйлөшө алгандыгында.