Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде эки жашар наристе сасык тумоодон көз жумду. Анын сөөгүн коңшулары табышкан. Наристенин өлүмү фактысы боюнча кылмыш иши козголбойт.

9-февралда Ак-Жар жаңы конушунда сасык тумоодон 2 жашар бала көз жумган. Аламүдүн РИИБсинин кызматкери Kloop.kgге курган маегинде окуя тууралуу аларга каза болгон наристенин ата-энеси балдарын карап туруусун өтүнгөн коңшулары кабарлашканын билдирди. Ата-энелеринин өзүлөрү иштеп кетишкен — апасы Орусияда, атасы жүк ташуучу жумушчу.

«Бала буга чейин ооруган, алсыз болуп төрөлгөн, организми начарлап кеткен. Ал сасык тумоо менен катуу ооруп, таптакыр тамак ичпей калган. А ата-энеси болсо ага кайдыгер мамиле кылып коюшкан. Өз учурунда дарыгерлерге көрсөтүшкөн эмес», — деп билдиришти РИИБден.

Коңшулары тез жардам чакырышкан, келген дарыгерлер 2013-жылы туулган Усман Кайратбековдун өлүп калганын билдиришкен.

РИИБнин тергөөчүлөрү наристенин туугандары менен ата-энеси экспертиза кылуудан баш тарткандыктарын айтты. Алар баланын сөөгүн бербей коюшкан.

РИИБден ата-энеси тарабынан балага зомбулук көрсөтүлбөгөндүгүн аныкташкан.

«Денесине зыян келтирилген эмес. Биз карап чыктык. Үй-бүлө, туугандары нормалдуу эле адамдар, иштешет. Балким баланы жерге берип жатышкандыр», — деди тергөөчү.

Ал ошондой эле бул факты боюнча кылмыш иши козголбой тургандыгын кошумчалады.

Оорулардын алдын алуу департаменти менен мамсанэпидкөзөмөлдөн сасык тумоодон кичинекей балдар каза болгон бир дагы учур катталбагандыгын билдиришти.

«Сасык тумоодон балдар каза болуп атат деп жатышат. Бирок биз териштирип көрсөк ал тууралуу бир киши [милициядан] айтып, анын ага жабышып калышыптыр. Чынында сасык тумоодон кичинекей балдар каза болгон учурлар катталган жок», — деди департаменттин басма сөз катчысы Шабдан Рыскулов.