Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери жүрөкчө формасында ныкталган гашиш алып жүргөн адамды кармашты.

Ал 10-февралда Чүй облусунун Шопоков айылында кармалган. Тинтүү маалында анын жанынан жалпы салмагы 455 граммды түзгөн ныкталган 41 гашиш брикети табылган.

Брикеттердин көбү тик бурчтуу формада болгон, бирок алардын арасында жүрөкчө формасындагылары да бар болгон.

Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде кармалган адам гашиштен жүрөкчө формаларын «эрмектеп» жасагынан билдирди.

«Гашиш — жумшак маңзаты, андан каалаган нерсенин формасын ныктап жасоого болот. Кармалган адам андан жүрөкчөлөрдү эрмектеп жасагынан билдирди. Ыйык Валентин күнүнүн алдында маанайы ошондой болсо керек да», — деп билдиришти Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын басма сөз борборунан.

Учурда Кылмыш кодексинин «маңзатын мыйзамсыз сактоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

2015-жылы Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын бөлүмдөрү тарабынан мыйзамсыз маңзатын айлантууга байланышкан 330дан ашык кылмыш аныкталып, жалпысынан 5 тонна 128 килограмм тыюу салынган заттар алынган.

Маңзаттарынын көпчүлүгү Кыргызстанга «түндүк каттам» аркылуу Ооганстандан келет. 2015-жылдын ичинде 45 ооган маңзат ташуу жолдору буулган.

Сүрөт: Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы