Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов «өз арызы менен» кызматтан кетти. Калаа башчысынын арызы өкмөткө жөнөтүлдү.

Мэрдин кызматтан кеткендиги жөнүндөгү маалымат 9-февраль күнү күндүз белгилүү болду — ал тууралуу кыргыз ЖМКлары жеке булактарына шилтеме жасап билдиришти.

«Азаттык» радиосу бул маалыматты Кулматовдун өзү ырастаганын билдирүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Ажар Мэлсова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде калаа башчысынын кызматтан кеткендиги тууралуу маалматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Ал бул боюнча түшүндүрмө бербестигин айтты.

Калаа башчысынын арызы өкмөткө жетти, бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Ал мэрдин милдетин аткаруучусу болуп кимдин дайындала тургандыгы жөнүндөгү маалымат кийинчерээк пайда болорун кошумчалады.

Кулматов 2014-жылдын ортосунда, ага чейин ал кызматты ээлеп турган Иса Өмүркулов кеткенден кийин Бишкектин мэри болгон.

Мэрди шайлоодо ал жалгыз талапкер болгон — анда Кулматовду колдоп Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 41и добуш беришкен.