Өрткө каршы мамлекеттик кызмат Бишкектин Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөгү өрттүн болжолдуу себеби электр чубалгыларынан чыккан кыска жалын болгонун билдирди. Имараттын чатырындагы өрт 9-февраль күнү кечинде башталып, болжол менен 150 чарчы метр аянтты кучагына алган. Өрт түнкү саат 23:40та толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт тууралуу алгачкы билдирүүлөр болжол менен саат 21:00дө пайда болду — ал жөнүндө соцтүйүндөрдүн колдонуучулары менен өрттүн өзүнө күбө болгон Kloop.kgнин кабарчылары билдиришти.

Өрткө каршы мамлекеттик агенттиктин башчысы Нуржан Осмоналиев болжолдуу версия боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарындагы кыска жалын себеп болгондугун билдирди.

Kloop.kgнин жеринде жүргөн кабарчысы Анна Капушенко өрттөнүп жаткан имаратты милиция курчоого алганын билдирген.

13 кабаттуу ал имаратта эч ким жашабайт — ал аягына чейин курулуп бүтө элек жана эч ким көчүп кире элек.

fire4

ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эльмира Шерипова «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түзө тургандыгын  билдирди.

«Саат 23:00дө локализация беришти, тактап айтканда өрттүн негизги бөлүгү өчүрүлүп бүттү. Азыр чатырдагы урандыларды чогултуп, майда отторду өчүрүү иштери жүрүп жатат. Ал жерде ӨКМдин алдында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиктин директору, полковник Нуржан Осмоналиев жүрөт. Ал өрт өчүрүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөп жатат», — деп жазды ал.

Анын айтымында, өрт өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бригадасы жана ӨКМдин 30 кызматкери катышты. Өрт тууралуу саат 21:08де кабарланган.

Имаратты куруу менен алектенип жаткан BLS курулуш компаниясынын кызматкери алар имараттын ичинде курулушчулардын болгон-болбогондугу боюнча маалыматка ээ эмес экенин айткан.

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова өрт болуп жаткан жерден журналисттерге имараттын чатырындагы жыгач калкалар күйгөнүн билдирди. Айтымында, имаратты ушул жылдын аягында пайдаланууга бериши керек болгон кытайлык компания куруп жаткан.

Сүрөт: Зарема Султанбекова

12660198_1033376693351719_925280097_n

12660223_1033367620019293_765595397_n

Сүрөт: Алтынай Жалымбекова

12665793_1033376896685032_82171406_n

12670281_838866966236116_20606791542503148_n

Сүрөт: Нита Кузнецова

12669648_509736259187735_8999134841296136134_n