Kloop.kgнин редакциясы көпчүлүк учурларда бишкектиктердин сынына кабылып келген маршруттук таксилердин айдоочуларынын арасында аларды айдоочулук кесипте баарынан да эмнелер кыжырданта тургандыгы жөнүндө сурамжылоо жүргүздү.

Маршруттук таксилер — Кыргызстандагы эң көп жайылган коомдук транспорт түрү. Ал автобустар же троллейбустардай болуп белгилүү бир жерлерден токтошпойт жана так графикке ээ эмес.

Көпчүлүк учурларда маршруттук таксилердин айдоочуларын жол эрежелерин орой бузушат деп айыптап келишет — алар жүргүнчүнүн өтүнүчү боюнча дээрлик каалаган жерге токтой алышат. Бирок аны менен алар артында келе жаткан автоунааларга тоскоолдуктарды жаратышат.

Маршруттук таксилердин жүргүнчүлөрүнүн айрымдарын транспорттогу атмосфера кыжырдантат. Эртели-кеч маршруттук таксинин 4 чарчы метрлик аянтына 25 кишиге чейин батып кетиши мүмкүн.

Kloop.kgнин редакциясы экинчи тараптын пикирин угуп, аларды эмнелер кыжырданта тургандыгын билүү үчүн маршруттук таксилердин айдоочулары менен маектешти. Айдоочулар жооп берген суроо: «Маршруттук таксинин айдоочусу кесибинде сизди баарынан эмне кыжырдантат?».

  • Мени менен жаңы эле урушуп кеткенсип «токтоп кой» деп, эшикти катуу жапкандары жинди келтирет. «Токтотуп коесузбу» деп сылык айтса деле болот да. Ушундай тарбиясыз, оройлор кыжырдантат. (№260)

IMG_0015

  • Жүргүнчүлөрдүн 90%ынын жол чырактардын алдында же көчөлөрдүн кесилиштеринде токтотуп коюшумду өтүнгөндүгү кыжырдантат. 12 жылдан бери иштеп келем, эч өзгөрүүсүз. (№163)
  • Эмне жинди келтирет? Жинди келтирген нерселер толтура! (№137)

IMG_0008

  • Бир сааттан кийин түшө турган болсо да эшиктин алдына туруп алгандар жакпайт. Алар күзгүнү да тосуп алышат. (№163)
  • Мастар кирип, башкалар менен урушуп, жаңжал салгандыктары жинди келтирет. (№135)
  • «Ушул жактан», «тигил жактан» токтотуп коюңузчу деп өтүнгөндөр кыжырдантат. (№170)

IMG_0016

  • Жүргүнчүлөрдүн бири-бири менен урушуп баштагандыгы жинди келтирет. Эгер эркектер болсо эреже катары алар сыртка чыгып мушташышат. А аялдар болуп калса алар аягына чейин сөз менен айтышып, бирин-бири «жеп» барышат. (№344)
  • Так түйүңө туруп алгандыктары кыжырдантат. Артка өтүп, тоскоолдук кылбай туруп алса болот да. (№111)

IMG_0016

  • Чыкканда эшикти жаппай кеткендер жинди келтирет. (№305)
  • Ар беш мүнө сайын «токтотуп коюңузчу, токтотуп коюңузчу, токтотуп коюңузчу» деп айта бергендер кыжырды келтирет. Ошондуктан мен бул ишти таштагам (№344 маршруттук каттамдын мурдагы айдоочусу)

IMG_0014

  • Таң атпай ири купюраларды бергендер жакпайт. (№162)
  • Жолдордо эч кандай этиканын жоктугу кыжырдантат. Баары тең жол эрежелери сакталбайт деп нааразычылыктарын айта беришет, а бирок өзүлөрү ар кайсыл жактан токтотуп койгула деп өтүнүшөт. (№260)