Бийчи Атай Өмүрзаков менен «Тумар» тобу «Британия таланттарды издейт-2016» шоусунун биринчи туруна өтүштү. Учурда алар 2016-жылдын май айында өтө турган тандоонун экинчи баскысын күтүп жатышат.

Өмүрзаков Kloop.kgге курган маегинде биринчи турда ал «Тумар» тобу менен биргеликте калыстардын алдында фирмалык «Оркестр» номурун көрсөткөнүн билдирди.

Анын айтымында, алардын аткаруусундагы номурга төрт кишиден турган калыстар тобу баа берген. Калыстардын арасында шоунун негиздөөчүсү Саймон Коуэлл да болгон.

«Бул сынакка чакырылгандыгыбыз жөнүндө эки жума мурда билдик, ага өтүүгө 5 жылдан бери аракет кылып келгенбиз. Максатка жеткендегидей сезимдер пайда болду. Бирок алдыда көптөгөн жоопкерчиликтүү иштер бар», — деди бийчи.

Кыргызстандын өкүлдөрү бул шоудо алгачкы жолу катышканы жатышат.

«Британия таланттарды издейт» (Britain’s Got Talent) — 2007-жылдан бери ITV телеканалында көрсөтүлүп келе жаткан британ телешоусу. Анын шарттарына ылайык, тандалып алынган катышуучулар өнөрлөрүн көрсөтүү менен өз ара жарышка түшүшөт.

Атай Өмүрзаков — Орусиянын «Минута славы» теледолбооруна катышып, экинчи орун алгандан кийин атактуулукка жеткен кыргыз бийчиси. 2011-жылы ал «Тумар» аталышындагы бий тобун түзгөн.

Бийчи эл аралык сынактарда жогорку орундарга ээ болгон — Словакияда, Түркияда, Германияда, Украинада. Жакында эле ал «Тумар» тобу менен бирге Париждеги эл аралык цирк фестивалында үчүнчү орунга ээ болгон.

Автор: Айдана Канатбек