ArtAsian стартабы Борбордук Азия өлкөлөрүндө колго жасалган буюмдарды Интернет аркылуу сатуу менен алектенет. Кыргызстандыктар тарабынан негизделген компания стартаптар сынагында Евразия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орун алган.

Учурда ArtAsian.co сайты колго жасалган буюмдарды (хэндмэйд) көрсөтүү жана сатуу аянтчасын элестетет.  Каалаган уста, кол өнөрчү билдирме толтуруп, өз буюмун сүрөткө тартып, аларды долбоордун командасына жөнөтө алат.

«Бул чеберлер үчүн инстаграм сыяктуу», — деп түшүндүрдү Kloop.kgге стартаптын негиздөөчүсү Нурсултан Сулайманов.

Бирок инстаграмда эмгектерди көрсөтүү үчүн коюуга мүмкүн болсо, а ArtAsian.co сайтына аларды сатууга болот. Команда мүчөлөрү буюмдардын сатылышы жана аларды жеткирип берүү үчүн жоопкерчиликтерди өзүлөрүнө алышат.

Кыргыз чеберлеринин буюмдарын учурда Стамбулда, Лондондо, Берлинде, Сан-Францискодо жана Москвада сатып алып жатышат. Команда келечекте ири шаарларда өкүлчүлүктөрдү ачып, сатууну дүйнө боюнча жолго салууну пландап жатат.

«Өлкөлөрдүн бардыгы тең бир нерсеси менен белгилүү. Биз Кыргызстан менен Борбордук Азия да бир нерсеси менен таанымал болсо, биз тууралуу жалпы түшүнүк, пикир өзгөрсө экен дедик, анткени биздин маданиятыбыз бай жана мактана турган нерсебиз бар», — деди долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири Айтурган Зулпукарова.

Негиздөөчүлөрдүн айтымдарында, бул бизнес өз ичине социалдык ишкерликтин элементтерин камтыйт — команда чеберлер менен кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин жайылтып, аларды таанытууга жардам берүүнү каалайт.

Алар өз стартабын ювелирдик буюмдардан тарта үй жасалгаларына чейинки бардык нерселерди сатып алууга мүмкүн болгон Etsy соода аянтчасы менен салыштырышат.

«Биз товарлар түркүмүн болушунча кеңейтүүгө аракет кылабыз. Алар үйлөрдүн ички жасалгасы, аксессуарлар, килемдер жана башка буюмдар болот…Тактап айткандай, товар түрлөрү чектелбейт, колго жасалган, ошол эле маалда улуттук колоритке басым жасалган буюмдар болот», — деди Kloop.kgге ArtAsianдын негиздөөчүлөрүнүн бири Бегимай Сатаева.

Команда мүчөлөрү стартапты ишке киргизүү үчүн алгач өз каражаттарын салышкан. Айтымдарында, алар ар бир иштеп тапкан тыйынды өз идеяларын өнүктүрүүгө жумшашат. Учурда команда «Андроид» операциялык системасында иштеген телефондор үчүн тиркеме иштеп чыгуу менен алектенүүдө.

Буга чейин ArtAsian долбоору жаштар үчүн инновациялардын «Евразиянын мобилдик кубогу» аталышындагы эл аралык сынагында жеңишке жеткен. Команда Казакстан менен Өзбекстандан алдыга чыгуу менен 25 миң доллар утуп, Барселонада өтө турган эл аралык «Дүйнөнүн мобилдик кубогу» сынагына жолдомо алган.

Алар 22-февралда өз долбоорун эл аралык калыстарга көрсөтүп тааныштырышат. Иш-чарага түрдүү өлкөлөрдүн иштеп чыгуучулары, инвесторлору жана мобилдик технологияларга байланышы бар адамдар чогулушат.

«Мындай иш-чараларга болушунча көп катышуу керек. Дүйнө Кыргызстан менен же «Бишкек Парк» менен эле бүтүп калбайт. Дүйнө — ал абдан чоң, динамикалуу», — деди Сулайманов.

Видео: Тилек Бейшеналы уулу, Александра Ли