«Понедельник» деген аталыштагы альбомдун бетачары 5-февралда болду. Музыканттар алгачкы альбомун даярдоого эки жылдан ашык убакыт коротушкан, алдыда кийинкисин чыгаруу планы бар.

Ginger тобунун алгачкы альбомунун бетачары «Промзона» клубунун сахнасында 5-февралда өттү. Клуб дээрлик толугу менен топтун ырларын угууну каалагандарга толду, а бий аянтчасы иш-чаранын башынан аягына чейин бош болгон жок.

IMG_1059

Топтун алгачкы альбому «Понедельник» деген аталышка ээ болгон. Ал өз ичине топтун эски дагы, ошол эле маалда жаңы дагы ырларын камтыйт — негизги трек-тизмегиндеги он ырдан сырткары ага дагы үч бонус ыр киргизилген.

IMG_1045

IMG_1005

«Абдан сонун болду, бирок биз азырынча эч нерсе түшүнө элекпиз, бирок баарына жакты деген үмүттөбүз. […] Эми биздин ырларыбызды көбүрөөк угушуп, тез-тез келип бизге кошулуп ырдап турушат деп үмүттөнөбүз», — деди вокалчы Ксения Стрельцова.

IMG_1012

Альбомдун бетачарында тартылган 360° видео:

Гитарчы Тимур Тимаев Kloop.kgнин кабарчыларына топ бетачарда буга чейин болуп көрбөгөндөй жакшы ырдаганын айтты.

«Бул абдан сонун болду, биз сахнага чыгып, буга чейин болуп көрбөгөндөй ырдадык», — деп белгиледи ал.

IMG_0981

Стрельцова ишендиргендей, азыр экинчи альбомго материалдар даяр жана Gingerге ал ырларды жаздыруу гана калды.

«Мунусунда [альбомду жаздырууну] мынчалык создуктурбайбыз деген үмүттөмүн, кандайдыр бир умтулуу пайда болду. Биринчиси бар, демек экинчиси да болот, «Понедельник» бар, демек «Вторник» да болушу керек», — деди ал.

Видео: Тилек Бейшеналиев
Сүрөт: Александра Ли, Светлана Зеленская