Улуттук банктын өкүлү калк тараптан долларга болгон суроо-талап төмөндөп, ага байланыштуу өткөн дем алыш күндөрү анын сомго карата курсу 75 сомдон 72 сомго чейин түшүп кеткенин билдирди.

Доллардын курсунун төмөндөшү февралдын алгачкы күндөрү башталган. Өткөн дем алыш күндөрү (6-7-февраль күндөрү) акча алмаштыруу жайларында АКШ валютасынын курсу 75 сомдон 72 сомго чейин түшүп кеткен.

Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымованын айтымында, мындай төмөндөөнүн себеби — калк тараптан чет элдик валютага болгон суроо-талаптын жоктугу.

«Накталай рыноктогу курс менен накталай эмес рыноктогу курс бири-биринен айырмаланышы мүмкүн. Ошондуктан силер акча алмаштыруу жайларындагы курстун өзгөрүүсүн байкап жатасыңар. Айырмачылыктар болушу мүмкүн, бирок олуттуу болбошу керек», — деди Сейткасымова.

Улуттук банк валюта базарындагы абал туруктуу бойдон калууда деп эсептейт — жыл башынан бери доллардын сомго карата курсу 1,5 пайызга төмөндөгөн.

« Бардыгы чет элдик валютага болгон муктаждыкка, анын зарылдыгына жараша болот», — деп кошумчалады Улутук банктын расмий өкүлү.

Сейткасымова улуттук валютанын туруктуулугу менен бекемделишин колдоо үчүн Улуттук банк акыркы ай ичинде 77,4 млн. АКШ доллары суммасына 17 интервенция жасаганын белгиледи.

Жалпысынан Кыргызстандын валюталык резерви 1 млрд. 700 миң сомду түзөт.

Доллардын курсунун төмөндөшү жүргүзүлүп жаткан «дедолларлаштыруу» саясатынын фонунда болууда — Кыргызстандын өкмөтү административдик кодекске чет өлкөлүк валютаны колдонуу үчүн айып пул салуу каралган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Андан сырткары министрлер кабинети доллар менен берилген ипотекалык насыяларды сомго которуу боюнча жарлык чыгарган.

Улуттук валютаны бекемдөө саясаты коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайларына таасирин тийгизди. Улуттук банк коммерциялык банктарга алгачкылардан болуп сомдук капиталдаштырууну көбөйтүүнү сунуштады. Акча алмаштыруу жайлары мыйзам бузууларды аныктап, валюта базарындагы чайкоочулук аракеттерди жоюу үчүн дайыма Улуттук банк тарабынан текшерилип турат.