Тажикстандын Конституциялык соту Эмомали Рахмондун президентикке өмүр бою талапкерлигин коюусуна уруксат бере турган Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды.

5-февралда Тажикстандын Конституциялык соту Конституциянын президенттик шайлоого байланышкан 65-беренесине сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды.

«Бул берененин төртүнчү бөлүгүндөгү чектөөлөр Улут лидери, Тынчтык жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсүнө таркалбайт», — дап жазылган өзгөртүүлөрдө.

«Улут лидери, Тынчтык жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү» дегенде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду түшүнүүгө болот. Мындай наам өлкө башчысына өткөн жылдын декабрында ыйгарылган.

Бул өзгөртүүлөр Рахмондун чектелбеген жолу президенттикке талапкерлигин коюусуна мүмкүндүк берет.

Учурдагы Конституцияга ылайык, бир эле адам президент болуп катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

Өзгөртүүлөр расмий күчүнө кириши үчүн ал жалпы элдик референдумга коюлушу керек, анда тажикстандыктар аларды жактыруу же четке кагуу чечимин кабыл алышат.

Өлкө парламенти жакынкы убактарда элдик добуш берүү күнүнүн датасын жарыялайт.

Андан сырткары Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр президенттикке талапкерлердин курагы боюнча ченталабын 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтүүгө уруксат берет. Рахмондун улуу уулу Рустам учурда 28 жашта.

«Үч-төрт жыл мурун эле Рахмон уулу Рустамды ордун басуучу кылып даярдай тургандыгы түшүнүктүү болгон. Анын акырындык менен бардык бийлик кызматтарына дайындалышы бул версияны ырастайт», — деген «Коммерсант» басылмасына курган маегинде Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Аркадий Дубнов.

Эмомали Рахмон Тажикстанды 1994-жылдан бери башкарып келет. 2003-жылы Тажикстандын Конституциясына президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга чейин көбөйткөн өзгөртүүлөр кабыл алынган.

Өзбекстанда да өлкө башчысынын эки мөөнөт катары менен президент болуп турушун чектеген мыйзам бар. Бирок 2015-жылдын мартында Ислам Каримов үчүнчү жолу катары менен өлкө башчылыгына келди.

Өлкө бийлиги узактыгы боюнча ар түрдүү болгон (5 жана 7 жыл) Каримовдун президенттик эки мөөнөтү  алардын удаалаштыгына юридикалык негиз болуп бербей тургандыгын билдирген.