Бишкек шаарында жайгашкан зоология музейинин түптөлгөнүнө бир кылым болоюн деп калды. Анын ичинде кандай экспонаттар бар экенин билиш үчүн Kloop.kgнин кабарчылары жаныбарлар музейине баш багып келишкен.

Кыргызстандагы жападан жалгыз зоология музейин 1926-жылы Константин Скрябин негиздеген. Музейдин илимий кызматкери Айтигүл Жолдошованын айтымында, бул жердеги эң эски экспонат болуп ак куулар саналат. Анткени алар музей түптөлгөндө эле алынып келинген.

Видеодону кыргызча субтитрлер менен көрүү үчүн "Субтитр" белгисин басыңыз.

Курт-кумурскалар менен кошулуп бир жарым миңдей экспонат камтыган музейде кызыл китепке киргизилген — мензбир сууру, сүлөөсүн, аркар, илбирс сыяктуу — жаныбарларды да көрүүгө болот.

“Мурун аянтта турган кезинде [зоология музейине] адамдар көп келишчү. Азыркы жайгашкан жерди элдер биле беришпейт. Көбүнчө мугалимдер, окуучулар келишет”, — деп билдирди музейдин дагы бир кызматкери Ракыя Сыдыкова.

Музейге кирүүнүн баасы:
Мектепке чейинки балдарга - 10 сом
Окуучулар менен студенттерге - 20 сом
Чоңдорго - 30 сом

Видео: Александра Ли