Өлкөнүн кайсы базарына барба, араба сүйрөп, үй бүлөсүн багып келе жаткандарды көрүүгө болот. Kloop.kgнин кабарчысы арабакечтердин иш күнү кандай өтөөрү менен таанышып келди.

Советтер биримдиги тарашы менен өлкөдө жумушсуздук күч алып, көпчүлүк адамдар өз жумуштарынан кол жууп калган. Алардын арасында Алымбек Дыйканов да бар.