Бүгүн саат 17:00дө Бишкек Жылуулук электр борборундагы түтүктөрдүн бири жарылып, шаардын түштүк бөлүгүндөгү кичи райондор ысык суусуз жана жылуулуксуз калышкан. Бир жарым сааттын ичинде ысык суу берүү калыбына келтирилди.

Адистер авариянын себептерин териштирип жатышат. Бул тууралуу Kloop.kgге «Электр станциялар» ААКсынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын айтымында, учурда шаардыктарга суу айланма түтүктөр аркылуу жеткирилип жатат. Адистер жарылган түтүктү оңдоо иштерин жарым түнгө чейин бүткөрүүнү убадалашууда.

Айдаралиева Жылуулук электр станциясынын кызматкерлеринен эч ким жабыркабагандыгын кошумчалады. Авария саат 17:00дө түтүктүн жарылышынан улам болгон.

Ал жерге вице-премьер-министр Олег Панкратов башында турган Энергетика министрлигинин өкүлдөрү барышты.

Панкратов бузулган жерди тез аранын ичинде калыбына келтирүүнү тапшырды.