Өкмөт «Мегаком» уюлдук операторундагы өз акцияларын 19 млрд. сомдук баштапкы баа менен аукционго койду. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлүнүн пикиринде, компаниянын сатылышы анын «өзүнө акча жумшап баштасына» шарт түзөт.

«Альфа Телеком» компаниясы («Мегаком» уюлдук оператору) баштапкы 19 млрд. сомдук баштапкы баа менен 2-февралда аукционго коюлган. Азыр ал компаниянын акцияларынын 100%ы мамлекетке таандык.

Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Мегакомдун» сатылышы уюлдук оператордун өнүгүүсүнө түрткү болот деп эсептейт.

Азыр «Мегаком» башка уюлдук операторлор менен атаандаша албайт, деп эсептейт Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана пайдалануу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Мураталиев.

«Акыркы 5 жылдан бери компания мамлекетке үлүштүк кирешелерин төлөп келет, а өз өнүгүүсүнө акча салбай эле», — деди ал.

Мураталиев компаниянын сатылышы менен салыктан түшкөн акча көбөйүшү мүмкүн деп эсептейт. Айтымында, анткени уюлдук оператор «өзүнө көбүрөөк акча жумшап», «атаандаштыкка жөндөмдүүрөөк» болуп калат.

Уюлдук операторлор ассоциациясынын башчысы Нурбек Абасканов дагы уюлдук оператордун сатылышынын жакшы жактарын көрүүдө. Ал Kloop.kgге курган маегинде «Мегакомдун» сатылышын «өз убагында көрүлүп жаткан чара» деп атады.

«Бүгүнкү күндө байланыш операторлорунун кирешелүүлүгү төмөндөп, пайдасы азайып жатат. Кирешелердин кыйла бөлүгү жаңы технологиялар, онлайн-мессенджерлерге кетүүдө. Эгер акционер кирешелерди кайра инвестициялабаса, анда бул көпкө созулбайт. Бул деген сүт берип жаткан уйду союп салгандай эле. Мамлекет компаниянын өнүгүүсү үчүн акча салууну пландабай жаткандан кийин аны сатуу чарасы өз убагында көрүлүүдө. Азыр мамлекеттик компаниялар базардын лидери болуп саналышпайт жана инерция боюнча иштеп жатышат», — деп билдирди ал.

Оппозициялык активист Адил Турдукулов «Азаттык» радиосуна курган маегинде «Мегаком» — бул «алтын жумуртка тууп жаткан тоок сыяктуу» жана бийлик ал ишканадан киреше ала алмактыгын билдирген.

«Эгер беш жыл мурда казынага үлүштүк кирешеден эле жылына 40 млн. долларга чейин түшүп келген болсо, анда баасы катары белгиленген 300 млн. долларды өндүрүшкө эч нерсе салбастан эле алты жылдын ичинде алууга болмок. Себеп – коррупиялашкан бийлик ийгиликтүү бизнести башкарууга да жөндөмсүз. Аны менен катар каатчылык бардык тармакка келди, ал дагы абалды күчөтүп жатат», — деген ал.

«Мегакомдон» бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышып, бардык маалыматтарды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алуу кеңешин беришти.

Аукционго катышуу үчүн билдирмелер 2016-жылдын 3-майында саат 10:00дө аяктайт. Аукциондук өзү 4-майда өтүп, телеберүү аркылуу көрсөтүлөт.

Анын шарттары боюнча, компанияны сатып алган компания катары баарынан жогорку бааны сунуштаган катышуучу аталат. 19 млрд. сом — бул эң төмөнкү баа.

Компанияны Ernst&Young аудитордук-консалтинг компаниясы 2015-жылдын июнунда баалаган.

«Мегаком» — үч миллионго жакын абонент тейлеген жана Кыргызстандын дээрлик бардык аймагын кучагына алган ири уюлдук байланыш оператору.