Бишкекте 2-февралга караган түнү үч жолу ок атуу менен Пулат Сулайманов өлтүрүлгөн. ИИМдин маалыматы боюнча, ал криминал төбөлү Камчы Көлбаевдин жакын адамы болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кылмыш болжол менен саат 20:45те Бишкектин Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тергөөнүн маалыматтары боюнча, Сулайманов күндүн экинчи жарымында кеңсеси Бөкөнбаев көчөсү 145те жайгашкан унаа ташуу фирмасында иштеген тааныштарына барган.

«Кечинде, фирманын кеңсесиндегилердин баары кеткенден кийин С.П. аттуу жаран дагы көчөгө чыгып, таанышына таандык болгон «Опель-Астра» үлгүсүндөгү унаага отурган. Фирманын кызматкери болуп эсептелген унаанын айдоочусу кеңседен чыгып келе жатканда ок атууларды угуп, автоунаага отуруп белгисиз тарапты көздөй качып кеткен караанды көргөн», — деп жазылган билдирүүдө.

Айдоочу Сулаймановду унаанын ичинде ок тийип жарадар болуп жаткан жеринен тапкан. Аны Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна жеткиришкен, бирок жарадар каза болуп калган.

Тергөөчүлөр анын төшүнө, ийнине жана башын ок тийгенин билдиришүүдө.

Биринчи май райондук ИИБсинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Эксперттер кандай курал менен ок атылганын аныктап жатышат.

Милиция Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү анын «Сакал» деген каймана ат менен белгилүү криминал төбөлү Улан Токтосунов менен тирешүүсү болгон-болбогондугун териштирип жатат.

Токтосуновдун өзү учурда Нарындагы №4 тергөө абагында. Ал 2014-жылдын декабрында өз эрки менен милицияга багынып берген. Буга чейин бейбаштык үчүн үч жолу сот жообуна тартылган.