«Нарын» ресторанынын имараты 80-жылдары курулган. Кезинде ал Бишкектеги эң көп киши кирген жайлардын бири болчу. Бирок акыркы 10 жылдан бери имарат каралбай ээн калган.

Урматтуу окурмандар! Бул 360-градустук видео. Силер аны өзүңөр каалагандай «айлантсаңар» болот. Ал үчүн чычканды (компьютерде) же манжаларыңызды (мобилдик түзмөктөрдө) пайдалансаңар болот.

«Нарын» рестораны өзүнүн жайлуу шарттары жана чүйгүн тамак-ашы менен атагы чыккан — анда үйлөнүү тойлору, туулган күндөр жана түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келген.

Акыркы 10 жылдан бери имарат адам ыйларлык абалга жеткен: мурунку көркөмдүгүнөн болгону бош дубалдары, төшөлмөлөрү жана таштандылар гана калган.

Учурда ресторан үй-жайсыз адамдардын баш калка жайы болуп калган, алар имаратка жакын келгендерди жактырышпайт.

2005-жылдын мартындагы бийлик алмашуудан кийин имарат колдон-колго өтүп, ээлери тез-тез алмашып баштаган. Ал казино жана түнкү клуб катары пайдаланылып, кийин таптакыр эле ээн калган.

Азыр имараттын тагдыры белгисиз бойдон калууда, 2015-жылдын июлунда өкмөт кароосуз калган объектини бузуп салууну сунуштаган.

«Нарын» рестораны жеке менчикте. Ээлери имаратты бузуу чечимине келишип, мэрияга кайрылуу жазышкан. Азыр ал маселени мэриянын, «Бишкек башкы архитектуранын» жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрүнөн турган комиссия карап жатат», — деп билдирген анда мэриянын басма сөз кызматы.

Текст: Эльдос Казыбеков, Айсулуу Бердалиева
Видео: Дмитрий Мотинов, Азамат Каработоев, Айсулуу Бердалиева


ТЕМА БОЮНЧА: