Москванын Стромынка көчөсүндөгү тигүү цехи 31-январга караган түнү өрттөнүп, анда сегиз кыргызстандык каза болгон.

Москванын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Стромынка көчөсүндөгү өрт 31-январга караган түнү чыккан — жалпысынан анда 12 киши каза болгон, алардын экөөсү Орусиянын жарандары — этникалык кыргыздар болушкан.

Дагы экөөсү Борбордук Азиянын башка өлкөсүнүн жарандары болгондуктары аныкталды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өрттөн сегиз кыргызстандык каза болгондугун билдиришти.

«Алардын баары тең Баткен облусунун тургундары болуп саналат», — деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан. 

Элчиликтин маалыматы боюнча Кыргызстандын каза болгон жарандарынын тизмеси:

  1. Масалиева Сажида Зиёвидиновна, 1988-жылы төрөлгөн;
  2. Салиева Токтокан Маматазимовна, 1983-жылы төрөлгөн;
  3. Салиева Уулкан Маматазимовна, 1997-жылы төрөлгөн, Салиева Токтокандын бир тууганы сиңдиси;
  4. Иса кызы Айзат, 1995-жылы төрөлгөн;
  5. Миликаждар уулу Кошонбай, 1990-жылы төрөлгөн;
  6. Козуев Төлөгөн Мухтаралиевич, 1991-төрөлгөн;
  7. Манас, 1995-жылы төрөлгөн, Козуев Төлөгөндүн бир тууган иниси;
  8. Даниель, 4-5 жашта, Орусия Федерациясынын каза болгон жараны Жапаров Эргешбай Аждаровичтин уулу, 1984-жылы төрөлгөн. Жабырлануучулардын маалыматтары боюнча, Кыргызстандын жараны болгон.

Азырынча өрттүн чыгуу себептери белгисиз. 

«Интерфакс» маалымат агенттиги өрт чыккан жердин аянты 500 чарчы метрди түзүп, жалпысынан үч миң чарчы метрге жакын жер өрттөнгөнүн билдирүүдө.

Басылманын маалыматы боюнча, имаратта кийим жана шейшеп тигүүчү цех жайгашкан.

Москва боюнча Тергөө комитети «мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бир аз мурда социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Эдил Байсалов «Твиттер» кичи блогуна өрттөнүп кеткен цехти кыргызстандык ижарага алып иштетип келгендигин жазган.

Балдар укуктары боюнча Орусиянын акыйкатчысы Павел Астахов өрттөн каза болгондордун арасында үч кичинекей бала болгондугун, алардын бирөөсү эмчектеги ымыркай экендигин билдирди.

ТИМдин басма сөз кызматынан расмий маалымат Орусия тарап экспертиза өткөргөндөн кийин болорун белгилешти.

Бул Кыргызстандын жарандары Орусиядагы өрттөн каза болгон алгачкы учур эмес. Өткөн жылдын апрелинде Хакасияда үйлөр өрттөнүп, тогуз кыргызстандык каза болгон. Ошондой эле анда Кыргызстандын 34 жараны жабыркаган.