Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков менен «Тумар» тобу Парижде өткөн цирк өнөрүнүн Mondial du Cirque de Demain фестивалында үчүнчү орунга ээ болушту.  Сынактын жеңүүчүсү болуп Орусиянын бийчилери аталышты.

Кыргыз бийчилеринин Mondial du Cirque de Demain француз сынагында үчүнчү орун алгандыктары тууралуу жаңылык фестивалдын расмий сайтына жарыяланды.

Сынак Франциянын борборунда 28-январдан 31-январга чейин өтүп, ага жыйырма беш жашка чейинки 20дан ашык конкурсант катышты. Сынак 1977-жылы негизделген.

Атай Өмүрзаков Kloop.kgге курган сынак алдындагы маегинде команда «абдан толкунданып» жатканын айткан.

«Жеңишке үмүт деле кылбай элебиз. Фестивалга катышууну жөн гана жаңы тажрыйба катары кабыл алуудабыз», — деп белгилеген ал.

Өмүрзаковдун айтымында, ал топ менен бирге фестивалга катышууга чакыруу алгандан кийин даярдана баштаган.

«Фестивалга катышууну бир жыл мурда алганбыз, уюштуруучулар бизди Интернеттен көрүп калышып, Америкадагы агентибиз аркылуу биз менен байланышышкан. Биз мунун эмне болгон конкурстук программа экенин Праижге келгенге чейин билген эмеспиз», — деген ал.

Быйыл калыстар тобунун курамына Дю Солей циркинин кастинг директору Павел Котов менен Никулин атындагы Москва циркин жетектеген Юрий Никулиндин уулу Максим киришкен.

Бийчилер «мимист актер» категориясы боюнча катышышып, «Оркестр» номурунун жаңыланган вариантын көрсөтүштү. Кыргызстан бул сынакка быйыл биринчи жолу катышты.

Париж фестивалынын жеңүүчүсү болуп орусиялык «Встречные качели» тобу табылды.

Башкы сүрөт: Атай Өмүрзаковдун Instagram-баракчасынан алынды