Бишкектеги «Айчүрөк» соода борбору (ЦУМ) бомба бар экендиги тууралуу жашыруун билдирүүдөн кийин курчоого алынган. УКМКнын саперлору имаратты карап чыгышып, эч кандай жардыруучу зат табышкан жок.

Бомба бар экендиги тууралуу билдирүү 30-январь күнү саат 18:00дө келип түшкөн. Имаратта текшерүү иштери төрт сааттан ашык убакытка созулуп, шаардын Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки жана Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулуп турду.

Видео: ЦУМдагы адамдардын эвакуацияланышы

Соода борборунун кароолчусу милиция жардыруучу зат салынган делинген сумканы издегендигин билдирди.

«Бомба табышкан жок. Ал тууралуу билдирген адамды издейбиз. Курчоо алынды», — деди Kloop.kgге ШИИБинин кызматкерлеринин бири.

Буга чейин «Репортёр» басылмасы окуянын күбөсүнө шилтеме жасап, саперлор соода борборунун имаратына саат 18:30да баргандыктарын жазган.

«Бир нече саат мурда ЦУМдун администрациясына бир жигит кирип, ага сырткы көрүнүшү европалык болгон киши келип, ЦУМда жардыруучу зат бар экендигин айткандыгын билдирген», — деп жазган «Репортёр» милициядагы булагына шилтеме жасап.

Бомба тууралуу билдирүү

Акыркы кездери шаардын эл көп чогулган жерлеринде бомба бар экендиги тууралуу жалган билдирүүлөр көп айтылып келет.

Өткөн жылдын сентябрында «Детский мир» соода борбору, «Арзу» кафеси жана Спорт ордосунун аймагында бомба бар экендиги тууралуу билдирүүлөрдөн улам андагы адамдар эавкуацияланышкан.

Ошондой эле 2015-жылдын октябрында бир аял «Бишкек Парк» соода-борборунда бомба бар экендиги тууралуу билдирди деген телефон чалуудан улам бир нече саат бою комплекс курчоого алынган.

Бирок ал маалыматтардын бардыгы тең ырасталган эмес.

Видео: Азамат Каработоев