Бишкекте белгисиз эркек киши көчөдөгү адамдардын көзүнчө өзүн өзү өрттөдү. Ал алган жарааттары менен №4 шаардык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө жетирилди, учурда абалы оор.

30-январь күнү болжол менен саат 10:30дарда Бишкектин Фучик көчөсүндө белгисиз эркек киши үстүнө бензин чачып, өзүн өзү өрттөдү.

«Репортёр-АКИпресс» басылмасы күбөлөргө шилтеме жасоо менен болжолдуу түрдө ал кишинин курагы 27-30 чамаларда экенин жазды.

Жаңылык жарыяланып жаткан маалга карата бул боюнча Бишкек шаардык милициясынан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

№4 шаардык оорукананын күйүк бөлүмүнөн Kloop.kgге жабырлануучунун абалы оор экенин билдиришти.

Ал эмне себептен өзүн-өзү өрттөөгө баргандыгын айткысы келбей эле.

«Ал акыл-эси менен эле, бирок өзүн өрттөө себептерин айткысы келбей жатат», — деп билдиришти бөлүмдөн.

Бул кыргызстандыктар өзүн өзү өрттөгөн алгачкы учур эмес. 2012-жылдын ноябрында коммерциялык банктарга каршы Бишкектин борборунда митинг өткөрүп жаткан бир нече аял өзүлөрүн өрттөөгө аракет кылышкан. Анда милиция аларды токтотуп калууга жетишкен — бирок баары бир жыйынтыгында бир нече аял жаракат алган.