Кыргыз мамлекеттик тарых музейи өлкө эгемендүүлүк алгандан бери азыркы имаратта кызмат көрсөтүп келүүдө. Ага чейин ал эки жолу жер которгон. Kloop.kgнин кабарчылары музейден репортаж даярдап келишкен.

IMG_1301

IMG_1270

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы түптөлгөн. Ал кезде үй музейи болуп турган. Музейдин эң биринчи директору Саул Абрамзон болгон.

IMG_1260

IMG_1182

Бул музей Борбордук Азиядагы ири музейлердин бири болуп эсептелет. “Анткени 135 миңден ашык экспонатыбыз бар”, - дейт музейдин баяндамачысы Элдияр Таалайбек уулу.

IMG_1172

IMG_1168

Музей баяндамачысынын айтымында, маданий борборго жылына орто эсеп менен 100 миңдин тегерегинде зыяратчы келет.

IMG_1082

Тарых музейинде байыркы доордон XX кылымдын аягына чейинки Кыргызстандын аймагында жашап өткөн жана кыргыз элине тиешелүү материалдык-маданий мурастары менен таанышууга болот.

IMG_1143

Маданий борбор дүйшөмбүдөн башка күндөрү зыяратчыларга эрте мененки тогуздан кечки саат бешке чейин ачык.

IMG_1104

Баасы
Чоңдорго 30 сом
Студенттерге 15 сом
Окуучуларга 10 сом
Мектепке чейинки жаштагыларга 5 сом
Чет элдик жарандарга 150 сом
Чет элдик студенттерге 75 сом

Авторлор: Айназик Бообекова, Самара Рыскелди кызы