Православ христиандарынын эң ири майрамдарынын бири — Кудайга чокунуу — 19-январда белгиленүүдө. Ага салттуу түрдө муз тешигиндеги сууга түшүү жөрөлгөсү байланыштуу — бул күнү суу дарылык касиетке ээ болот деп эсептелинет.

Сокулук айылындагы майрамдык жүрүшкө 100гө жакын киши катышты.

kres001

kres001a

Жергиликтүү чиркөөдөгү поп чокунуу ырымы иштеле турган идишке чиркөө ырым-жырымын жасагандан кийин каалоочулар сууга түшүү жөрөлгөсүн башташты.

kres002

kres003

Муздак сууга түшүүгө белсенбегендер жөн гана чиркөө ырымы жасалган агын суудагы сууга жуунушту.

kres004

Эркектер бактардын артына барып же чүпүрөктөрдү тосуп кийинишсе, аялдар чечинип-кийинүүчү жай катары чатырларды пайдаланышты. Айрымдары унааларында эле чечинип-кийиништи, шамалдан коркпостон ачык жерде кийингендер да болду.

kres005

kres006

kres007

kres008

kres009

kres010

kres011

Адамдар кийинип-чечинип жаткан жайдан алыс эмес жерде меш, тамаш-аш жайылган дасторкон, ошондой эле чай үчүн ысык суу даяр турду.

kres012

Айрымдары эшикте жай мезгили тургансып үй халаты жана сууга сүзүү кийимдери менен дарыя жээгинде сейилдеп жүрүштү.

kres035

kres037

Мындагылардын көбү муз тешигиндеги сууга түшүү аларды күнөөлөр менен оорулардан арылтат деген бекем ишеним менен келишкен.

«Чокунууда сууга түшкөндөн кийин оорубайт жана жакшы сезим пайда болот. Чынында алгач муздак болот, бирок андан кийин жакшы болуп калат», — деди айыл тургуну Инна.

Христиан болбогону менен жөн гана башкалар менен бирге сууга түшүү үчүн келгендер да болду.

«Мен мусулманмын, чокундурулган эмесмин. Жыл сайын келип түшөм. Жөн эле өзүм үчүн, ден соолугум үчүн», — деди Сардар.

kres011a

Чокунуу майрамы православ христиандары тарабынан Иса пайгамбардын Иордан суусуна чокугандыгынын урматына белгиленет.

19-январга караган түнү суу ыйык болот деп эсептелинет, ошондуктан чиркөөдөгү сыйынуудан кийин дарыя же көлмө суусундагы чокунуу ырымы иштеле турган идишке чейин жүрүш жасалат.

Видео: Владимир Цай
Фото: Александра Ли