Февралда парламент депутаттары буга чейин эки окууда кабыл алынган гей-пропаганда тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо ниетинде.

Парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Kloop.kgге курган маегинде «гейлерге каршы мыйзам» февралдын аягына чейин кабыл алынат деген үмүттө экенин билдирди.

Ал гей-пропагандага каршы экенин, бирок «гейлер менен лесбияндар кубулушунун өзүнө каршы эмес» экенин кошумчалады.

«Мен тыюу салуу үчүн, мыйзам үчүнмүн. Мыйзамдын өзүн деталдуу окуган эмесмин, бирок эгер анда одоно мыйзам бузуулар болсо, аны кайрадан иштеп чыгуу үчүн экинчи окууга кайтарышат. Жогорку Кеңеште көбү мыйзамды колдоп, ал февралдын аягына чейин кабыл алынат деген ойдомун», — деди ал.

Human Rights First эл аралык укук коргоо уюму баш катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвалга жазган катында АКШны мыйзамдын кабыл алынбашы үчүн бардык мүмкүн болгон аракеттерди көрүүгө чакырды.

«Президент Обама ЛГБТ укуктарын алдыга жылдырууга тарыхый салым кошконун эске алуу менен биз сизди Кыргызстанда гей-пропагандага каршы мыйзамдын кабыл алынбашы үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырабыз. Кыргызстан аймактагы эң ачык жана демократиялуу өлкөлөрдүн бири болуп келет, ошондуктан биз эгер ал мыйзам долбоору кабыл алынса ал сыяктуу процесстердин коңшу өлкөлөрдө башталышына түрткү болот деп өтө тынчсызданып жатабыз», — деп жазышкан алар.

Human Rights First эгер мыйзам кабыл алына турган болсо, анда АКШ «өз кооптонуулары тууралуу президент Алмазбек Атамбаевге билдирип, аны мыйзам долбооруна вето коюуга чакыруу үчүн бардык болгон дипломатиялык куралдарды пайдаланышы керек» деп эсептейт.

Сексуалдык азчылыкты коргоо менен алектенген Кыргызстандагы ЛГБТИКС коомчулук уюму өлкөдө болуп жаткан алсыз топтордун укуктары бузулуп жаткан абалга тынчсыздануусун билдирди.

«Кыргызстан светтик өлкө болуп саналат. Биз негизинен кайсыл бир белгисине карап басмырлоосу жок адам укуктарынын сакталышы жазылган тийиштүү номативдик-укуктук актыларга жана өлкөнүн Конституциясына таянышыбыз керек», — деп билдирди Kloop.kgнин кабарчысына уюмдун кызматкери анонимдүүлүк шартта.

«Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редактору Алия Молдалиева Kloop.kgге жарыяланган пикиринде «гейлерге каршы мыйзам» ЖМКлар менен депутаттарга түздөн-түз тийиштүү болот деген оюн билдирген.

«Анын аракетинен чет өлкөлүк ЖМКлардын программаларын көрсөткөн телеканал ээлери жабыр тартышат: контентти алар аныкташпайт да, а эгер эфирден кокустан «оралдык секс» деген сөз айтылып же Брежнев менен Хонеккердин белгилүү өбүшүүсү көрсөтүлсө абакка ошолор кетишет. Редакторлордун түз эфирди кантип ылгай алышары – табышмак бойдон калууда».

Мыйзам долбоору тууралуу

Расмий түрдө «гейлерге каршы мыйзам» «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына (КР Кылмыш кодексине, КР административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине, КР «Тынч чогулуштар тууралуу» жана «Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзамдарына) толуктоолорду киргизүү» деп аталат.

«Гейлерге каршы мыйзам» парламенттин биринчи окуусунда 2014-жылдын октябрында көпчүлүк добуш менен кабыл алынган — анда аны добуш берген 86 депутаттын 79у колдогон. 2015-жылдын июнунда болгон экинчи окуудагы добуш берүүдө 90 депутаттын 88и колдогон.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери катары V чакырылыштын 27 депутаты чыгышкан. Бирок VI чакырылышка алардын жетиси гана келди: Төрөбай Зулпукаров, Кожобек Рыспаев, Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов, Акылбек Султанов, Бактыбек Жетигенов жана Нурбек Алимбеков.

Мыйзам долбоорунда эгер «салттуу эмес мамилелерге» карата жакшы пикир балдардын арасында жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда жазанын катаалдыгы бир жылга чейин эркинен ажыратууга чейин жетиши мүмкүндүгү көрсөтүлгөн.

Мыйзамдын авторлору дээрлик бир жылга жакын «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» терминине аныктама бере алышкан эмес жана 2015-жылдын февралында гана алар документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, алар жогорудагы терминди «бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашка баруусу жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштар» деп түшүнүшөт.