20-январда Талас шаарында «Кайрым» аталышындагы зомбулуктан жабыркаган балдарды коргоо борбору ачылат. Анда балдарды психологиялык жана физикалык зомбулуктан коргоо мүмкүнчүлүктөрү болот.

Долбоор Талас шаарынын мэриясы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, «Балдардын укуктарын коргоо лигасы» коомдук фонду жана «Курак» фонду тарабынан UNICEF Кыргызстандын каржылык жана техникалык колдоосунда ишке ашырылууда.

Борбордун башкы максаты — зомбулук менен катаал мамиле көрсөтүүдөн жабыркаган балдарга кайтарымсыз жардам берүү. Анда консултациялык колдоо жана балдардын укуктарын укуктук жактан коргоо (керектүү учурларда жактоочунун коштоосунда дагы) каралган.

Ошондой эле борбордун ишинин кыйла натыйжалуу болушу үчүн социалдык жумушчулар менен педагогдор окутуулардан өтүшөт. Аларды үй-бүлөдөгү тигил же бул балага жасалып жаткан зомбулукту эртерээк аныктоо жана зомбулук мамилелери катталган учурлардагы аракеттердин алгоритмине үйрөтүшөт.

«Балдардын укуктарын коргоо лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекованын айтымында, учурда борбордун иши тууралуу жергиликтүү жашоочуларга маалымат берүү боюнча активдүү өнөктүк жүргүзүлүүдө.

«Балдарга карата зомбулук жасалган үй-бүлөлөрдүн коңшулары, мугалимдер кайрыла турган анонимдүү ишеним телефондору иштеп жатат», — деди Назгүл Турдубекова.

Ал белгилегендей, мындай борборлор Ысык-Көл облусунун Түп айылында, Караколдо жана Бишкекте иштеп жатат. 2015-жылы ал атайын борборлордун адистери тарабынан 318 балага жардам көрсөтүлгөн.

«Кайрым» борбору 2015-жылы каттоодон өтүп, ошол эле жылы ачылган.

«Борбордун шарттары эл аралык стандарттарга туура келчү эмес, имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү керек болчу. Азыр андагы оңдоо иштери аяктады жана расмий түрдө ачылганы турат», — деп белгиледи укук коргоочу.

Ошондой эле 2015-жылдын сентябрынан бери 111 кыска номурундагы бирдиктүү тынымсыз байланыш кызматы иштеп жатат — ал аркылуу психологиялык жана физикалык зомбулукка кабылган балдар менен аялдардын арыздары кабыл алынат.

Ачылыш салтанаты 20-январда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин, Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубековдун, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуонун, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын жана башка расмий адамдардын катышуусунда болот.

Талас шаарынын вице-мэри Нуркыз Базарбаева Kloop.kgге курган маегинде «Кайрым» борбору зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам бере турган шаардагы жалгыз мекеме болуп эсептелээрин айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 9 айында Кыргызстанда балдарга карата 164 зомбулук көрсөтүү учуру катталган.