Бишкекте 15-январдан баштап “Күлкү тамаша гезити” чыгарыла баштады. Гезиттин учурда төрт кызматкери бар.

KTG_karikatura (6)

Карикатурага бай гезит “KTG” (Күлкү тамаша гезити) деп аталат. Гезит аптасына чыгарыла турганын айтты негиздөөчүлөрүнүн бири Төлөбек Нурдинов.

KTG_karikatura (5)

Тамашалуу гезит 16 беттен турат. Анда ар кандай окуяларды, өлкөдө жана дүйнөдө болгон соңку кабарлардын тамашалуу түрүн окууга болот.

KTG_karikatura (1)

“Башка гезиттерден айырмаланганга аракет кылып кагазын, жазууларын, гезиттин өлчөмүн өзгөчө кылдык. Көнүмүш адаттардан алысыраак болуп, коомдогу окуяларды элге негативдүү эмес, позитивдүү жактан карап берели дедик”, — деп токтолду Нурдинов.

KTG_karikatura (9)

Гезиттин алгачкы номери беш миң нуска менен чыгарылган. Ал учурда Бишкек шаарынын аймагында окурмандарга сунушталууда.

KTG_karikatura (8)

“Азырынча жаңыдан чыга баштагандыктан Кыргызстандын облустарына жана айылдарына тарай элек. Бирок максатыбыз — бардык аймактарга жеткирүү. Айылдагы журналист эмес жөнөкөй адамдар бизге жаңылык айтышса, алардын да жаңылыгын гезитке жазабыз”, — деп билдирди KTGнын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурдинов.

KTG_karikatura (2)

Чыгымдын баарын өз чөнтөгүнөн чыгарышкан. “Канча акча сарпталгандыгын айтпай эле коёлу”, — деди ал.

KTG_karikatura (4)

Сурамжылоо: Карикатура гезитинин чыкканына кандай ойдосуз?

Авторлор: Кызжибек Кушбакова, Самара Рыскелди кызы