Ырчы Каныкей борбордогу барлардын биринде музыкалык кечесин өткөрдү. Бул узакка созулган тыныгуудан кийинки анын биринчи жолу эл алдына чыгып ырдашы.

«Кара Чан» ырынын аткаруучусу, ырчы Каныкей «Сере» кафе-барында музыкалык кече уюштурду. Ал эки саатка жакын убакытка созулду.

Ырчынын айтымында, бул бир жарым жылга созулган тыныгуудан кийинки алгачкы жолу эл алдына чыгып ырдашы. Ал турмушка чыгып, балалуу болгондуктан улам тыныгуу алган.

«Сахнага чыкканда өзүмдү жакшы сездим, сүрдөдүм деп айтпайм. Бул кече жан-дүйнө үчүн, менин күйөрмандарым үчүн болду»,— деди Каныкей.

Жалпысынан Каныкейдин кечесинде 60ка жакын көрүүчү болду, алардын арасында ырчынын чыгармачылыгынын күйөрмандары менен катар этно-роктун сүйүүчүлөрү да болушту.

Музыкалык кеченин биринчи бөлүмүндө ырчы негизинен «Носонте» деген биринчи альбомундагы «Кара чан», «Не про нас», «Жүрөк сыздайт», «Жашка карек» сыяктуу чыгармаларын аткарды.

Экинчи альбому «Садагам» деген ат менен 2013-жылдын май айында чыккан.

Ырчы бетачары өткөн жылы болушу керек болгон «Куурчак» деген жаңы альбому тууралуу узатылган суроого так жооп бере алган жок.

«Ал альбомумду көптөгөн адамдардын күткөнүн билем, бирок бактыга жараша мен эс алууга чыгып, балалуу болдум, альбом 2015-жылы чыкпаган бойдон калды»,— деди Каныкей Kloop.kgге курган маегинде.

Ал үчүнчү альбомунун үстүнөн иштөөсүн 2016чы же 2017-жылы аяктоого үмүттөнүп жатканын айтты.

Каныкей «Поющий город» сынагына катышкандан кийин белгилүүлүккө жеткен. Анын ондон ашык сыйлыктары бар. Ырчы «Салам, Нью-Йорк» тасмасынын саунтреги болгон «Садагам» ырын жазган.

Оператор: Настя Стрельникова