Театралдык актёр жана режиссёр Марат Амираев Александр Пушкиндин «Бурганак» повестин Георгий Свиридовдун музыкасынын коштоосунда окуду — Амираевге кыргыз консерваториясынын студенттери музыка ойноп беришти.

Композитор Георгий Свиридовдун 100 жылдыгына жана Петр Чайковскийдин 175 жылдыгына арналып өткөн концертке Кыргыз Улуттук консерваториясынын студенттери менен бүтүрүүчүлөрү жана театралдык актёр Марат Амираев катышышты. Концерт 24-декабрда консерваториянын сахнасында болду.

Концерттин биринчи бөлүгүндө студенттер советтик композитор Георгий Свиридовдун чыгармалары менен Пушкиндин «Бурганак» повестинин музыкалык иллюстрациясын аткарышты. Пушкиндин текстин актёр жана режиссёр Марат Амираев окуду.

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн бул текст окуган адам менен оркестр бир сахнага чыккан алгачкы тажрыйба. Москвада мындай концерттер бир нече жылдан бери өткөрүлүп келет.

«Бул маанайга, күүгө кирүү абдан маанилүү. Анан да ал жөнөкөй эмес, а симфониялык оркестр эмеспи, күү ар түрдүү идеяларга толгон, так ой-жүгүртүү бар, бирок ошол эле маалда көптөгөн түрдүү кошумча маанилер, сезимдер да бар», — деди ал.

Көрүүчү Флорида Кимге студент-музыканттар менен актёрдун эксперименти жаккан.

«Мен таптакыр профессионал эмесмин жана музыкалык мектепте окуган эмесмин, бирок ал мага абдан жакты, [текст] да өтө жардам берди», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Тыныгуудан кийин студенттер Петр Чайковскийдин үч чыгармасын аткарышты: «Ромео менен Жульетта» фаназия-увертюрасын, фортепиано үчүн №1 оркестри менен концерт жана «Щелкунчик» балетиндеги сюита.

Оркестрдин катышуучусу, консерваториянын студенти Наргиза музыканттар бул концертке дээрлик 4 ай даярдангандыктарын айтты.

«Биз чыгармаларды тартиби менен окуп чыкканбыз, мына эми азыр аларды аудитория үчүн ойноп берүүгө сахнага чыктык. Көрүүчүлөрдө классикалык музыкага болгон сүйүү пайда болсо дейбиз […] Ар бирибиз жакшы аракеттерди көрдүк. Чын жүрөктөн ойноп бердик», — деди ал.

Көрүүчү Эрмек Бараталиев ага концерт жакканын айтты.

«Бала кезимде мен да музыкалык мектепте билим алгам, музыканы жакшы түшүнөм, мында эч кандай жасалмалуулукту укканым жок. Зал дагы, башка бардык нерселер тең жогорку деңгээлде», — деп эсептейт ал.