Рэпперлер Эрмек Мырзабеков менен Медербек Ырсалиев кезектеги жаңы ырын чыгарышты. «RAP View» рубрикасынын алтынчы чыгарылышы кыргызстандыктардын ички жана сырткы миграциясына арналган. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын миллионго жакын жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт.

2015-жылдын ноябрынын аягында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 700 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жүргөндүктөрүн билдирген.

Алардын көбү Орусияда — Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, 523 миң кыргызстандык каттоодон өтүп, ошол жакта иштеп жүрүшөт.

18-декабрда дүйнө жүзү Бүткүл дүйнөлүк миграция күнүн белгилейт. Ал 2015-жылы согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирия менен ага чектеш өлкөлөрдөн чыккан мигранттар жана качкындардын массалык агымынан улам Жакынкы Чыгыш менен Европадагы мигранттык каатчылыктан улам өзгөчө мүнөзгө ээ болду.

Kloopтун техникалык колдоосу менен даярдалган RAP View долбоорунун башка чыгарылыштары:

5-чыгарылышы: Депутаттык креслолор тууралуу
4-чыгарылышы: жолдордогу башаламандыктар тууралуу
3-чыгарылышы: Кыргызстан ЕАЭБдин акчасын кантип коротууда?
2-чыгарылышы. Ысык-Көлдүн жээгиндеги айылдагы башаламандыктар тууралуу
1-чыгарылышы. Коркмазов менен Нарымбаевдин кармалышы тууралуу