Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары көчмө дельфинарийде дельфиндерди «пайдаланууга» каршы өнөктүк башташты. Дельфинарий Бишкекте биринчи жолу декабрдын аягында ачылат.

Facebook социалдык түйүнүнүн кыргыз сегментинин колдонуучулары Бишкекте көчмө дельфинарийдин ачылышына жана иштешине каршы болуп жатышат.

Бишкектеги алгачкы дельфинарий шаар мэриясынын колдоосу менен 2015-жылдын декабрынын аягында Байтик Баатыр көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде ачылат.

«Дельфиндердин жөнү башка! Ал жакка барбагыла!!! Дельфиндерге эркиндик!», — деп жазган Facebookтун Эркинбек Койчуманов аттуу колдонуучусу.

Дагы бир колдонуучу дельфинарийдин уюштуруучуларын «ырайымсыздар» деп атады.

«Өтүнүч, эгер чынында эле дельфиндерди жакшы көрсөңөр ал жакка барбагыла. Ыраймсыздарды акча менен колдобогула», — деп жазган ал.

Twitter социалдык түйүнүнүн колдонуучулары тескерисинче, дельфинарийдин айланасындагы жагдайга байланыштуу түрдүү тамашаларды жазып жатышат.

«Силер дельфинарийге барбай койдуңар деп коелу, анан дельфиндерге берүүгө эч нерсе жок калып алар өлүп калышат. Силердин айыңардан», — деп жазды altynai_dju деген колдонуучу.

Дагы бир башка колдонууучу дельфиндерди коргоочуларга тамаша катары митинг өткөрүп, дельфинарийди талкалоону сунуштады.

«Келгиле митинг өткөрөбүз. Дельфинарийди талкалайбыз. А дельфиндерди болсо Ысык-Көлгө кое беребиз», — деп жазды Farik_asadov аттуу колдонуучу.

Окурмандардын нааразычылыктары жергиликтүү vb.kg жана «АКИпресс» маалымат агенттиктердин сайттарына да жарыяланды.

«Дүйнө коомчулугу камактагы дельфиндерди колдоодон баш тартып жатат. Адамдар үй-бүлөлүк байланыштын эмне экенин баалаган, сүйүү менен камкордуктун эмне экенин билген мындай акылдуу жандыктарды камакта кармоонун адамгерчиликсиз экенин түшүнүп жатышат», — деп жазды окурман.

Өзүн дельфинарийдин уюштуруучусумун деп тааныштырган Тарас Жимарев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Бишкекке алынып келе турган дельфиндер камакта гана жашай ала тургандыктарын айтты.

«Анткени адамдар эмне кыларын билбей болбогон нерселерди жазып жатышат. Биз адамдардын ал жандыктардын камакта жарык дүйнөгө келгенине түшүнбөгөн көптөгөн учурларга кабылып келебиз. Эгер аларды эркиндикке кое берсек алар эки күндүн ичинде эле өлүп калышат. А бул жакта аларды карап, тамак берип турушат. Мындагы суу химиялык курамы боюнча деңиздин суусунан таптакыр айырмаланбайт», — деди ал.

IMG_0454

IMG_0457

2015-жылдын жайында казак интернет колдонуучулары дельфинарийдин көчүп жүрүүсүнө тыюу салуу өтүнүчү менен өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылышкан — анда өлкө башчысына жолдонгон петициянын алдына 10 миң киши кол койгон.

Петициянын авторлорунун айтымдарында, ары-бери ташып жүрүүдөн улам дельфиндер ооруп баштап, анан өлүп калышат.

Save Dolphins долбоорунун маалыматтарына ылайык, көчмө дельфинарийлерге Орусия, Казакстан, Беларусь жана Индонезиядан башка дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тыюу салынган.

Кыргызстандын мыйзамдарында да деңиз сүт эмүүчүлөрүн багуу жана өстүрүү боюнча ченемдер жок.

Видео: Анастасия Стрельникова