«NURAIYM» деген мамлекеттик автоунаа номурунун ээси «Инстаграмдагы» баракчасын өчүрдү. Ал Ак үйдүн терезесинде жана кымбат унаалардын фонунда тартылган сүрөттөрү жарыялангандан кийин белгилүү болуп калган.

«Настоящее время. Азия» долбоорунун NURAIYM тууралуу видеосу:

@nurayim_9999 деген ысым менен катталган колдонуучу «Инстаграмдагы» профилин өчүрдү — анын эккаунту болжол менен 10чу же 11-декабрда өчүрүлгөн.

Ал сүрөттөрү «Заноза» жаңылыктар сайтына жарыялангандан кийин белгилүү болуп калган. Өзгөчө анын Ак үйдүн терезесинде тартылган сүрөттөрү жана мигалкалары менен кортеж тартылган видеосу коомчулуктун көңүлүн бурдурган.

Анын эккаунтундагы сүрөттөрдүн көбүндө кыз кымбат баалуу унаалардын фонунда колуна NURAYIM деп жазылган мамлекеттик номурду кармап алып түшкөн.

Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, ал мамлекеттик номур — жасалма.

Милиция кызматкерлери @nurayim_9999 аттуу колдонуучунун сүрөттөрүнүн фонундагы автоунаа ээлеринин кээ бирин таба алышкан.

«Белгисиз кыз алардын автосалонуна барып, жакшы, кымбат унаалардын фонунда сүрөткө түшүп алууну өтүнгөн. Кыздын сумкасында «NURAIYM» деген жасалма мамлекеттик номур бар болгон», ― деди ЖККнын өкүлү Атыра Бекмурзаева.

Бирок унаалардын ээлери ал кызды тааныбай тургандыктарын билдиришкен — алар жөн гана кыздын унааларынын фонунда сүрөткө түшүп алуусуна уруксат беришкен.

«Ал «Мерседестин» фонунда сүрөткө түшүп, номурун чечип алгандан кийин маршруттук таксиге отуруп кетип калган», — деп билдирген автоунаа ээлеринин бири.