Теолог Кадыр Маликовго кол салуу болгондон кийин мамлекет тарабынан ага күнү-түнү милициянын күзөтү берилди. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадырова билдирди. Маликовго 27-ноябрда кол салуу болгон — ИИМ ага «Ислам мамлекетинин» жактоочулары кол салган деп божомолдоп жатат.

Кадыр Маликов милиция тарабынан кайтарууга алынары тууралуу Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров 8-декабрда, теологдун абалын билүү үчүн ооруканага барганда билдирди.

Буга чейин Маликовдун туугандары кол салуу болгонго чейин жардам сурап өлкө жетекчилигине бир нече жолу кайрылгандыктарын айтып даттанышкан.

«Газ тапанчасын алып жүрүшүнө уруксат бергенден башка ага эч кандай жардам көрсөтүшкөн жок. Жансакчы болгон эмес, анан албетте эч кандай корголгон эмес. Ал эми тапанчаны колдонууга ал жетишрей калган», — деп билдирген дин таануучунун тууганы Тимур Элебесов.

Маликовдун өзү кол салуу болгонго чейин эле жашоосуна коркунуч бар экенин билгенин айткан.

«Ошондой эле буга чейин менде «Ислам мамлекетине» таандык террористтик топтор тарабынан ушул жылдын жайында мени жок кылуу жөнүндө Ракка шаарында [«Ислам мамлекетинин» борбору] чечим кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат бар болчу», — деп билдирген ал кол салуу болгондон кийин туугандарынан берип жиберген аудио-кайрылуусунда.

Теологго кол салууга шектелген Алибек Тилек уулу менен Ырыскул Бейшеналиев 30-ноябрда Түркияда кармалышкан.

ИИМ тарабынан таратылган пресс-релизде кармалгандар түз эле «Ислам мамлекетинин» «тарапташтары» деп айтылганы менен ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов журналисттердин алдында сүйлөп жатып ал маалыматтын «болжолдуу экенин» айткан.

Маликовдун өзү дагы ага «Ислам мамлекетинин» жактоочулары кол салган деген версияны айтып жатат.

Кадыр Маликовго кол салуу 26-ноябрь күнү кечинде Бишкектин түштүгүндө, «Асанбай» кичи районундагы«Народный» дүкөнүнүн алдында болгон. Андан кийин ал Бишкектин №4 шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Теологго кол салуу болгондун эртеси Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жергиликтүү ЖМКлар аркылуу Маликов жаңжалдын чыгып, ага кол салынышына өзү «түрткү болгон болушу мүмкүндүгүн» билдирген. Дин таануучу бул сөздөрдү «жалган» деп атап, милициянын кечирим сурашын талап кылган.

Маликов Кыргызстанда исламды изилдөө менен алектенген дин таануучу.

Ал 27-ноябрда өлкөдөгү экстремизмге каршы аракеттерди көрүү боюнча маалымат жыйынын өткөрүшү керек болчу. Ошондой эле ал «Ислам мамлекетинин» Кыргызстанга карата коркунучу тууралуу бир нече жолу билдирүүлөрдү жасаган.

Андан сырткары Маликов бачабаздык үчүн өлүм жазасынын киргизилиши боюнча өткөн акцияларга дайыма катышып келген. Ал «гейлерге каршы» жана «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорлорун колдойт.