Түркияда теолог Кадыр Маликовго кол салууга шектелген эки адам кармалды, бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин пресс-релизинде кармалгандар «Ислам мамлекетинин» «жактоочулары» деп аталганы менен ИИМден журналисттерге ал маалыматтын болжолдуу экенин айтышты.

Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салган деп шектелип жаткандар Түркиянын Газиантеп шаарында кармалышты, деп билдирди Кыргызстандын ИИМи. Алар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын аракеттеринин жыйынтыгында колго түшүрүлүшкөн.

Кармалгандар: 1987-жылы Нарын облусунда туулган Алибек Тилек уулу менен 1986-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган Ырыскул Бейшеналиев.

Мекеме тарабынан таратылган пресс-релизде кармалгандар түз эле «Ислам мамлекетинин» «жактоочулары» деп айтылганы менен ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын начальниги Сталбек Рахманов журналисттердин алдында сүйлөп жатып ал маалыматы «болжолдуу» экенин билдирди.

«Бир катар теологиялык экспертизалар өткөрүлүп жатат жана [алардын] жыйынтыктары боюнча биз кармалгандардын кайсыл багытка тиешелүү экендиктерин так айта алабыз», — деди ал.

«Интерполдун» улуттук борбордук бюросунун кызматкери Таалайбек Сарымсаков кармалгандардын «жакшы уюшулгандыгын» белгиледи. Анын айтымында, алар алдын ала Стамбулга чейин билет алып коюшуп, Маликовго кол салуу болгондон үч сааттан кийин эле Казакстандын чек арасынан өтүшкөн.

«Стамбулга жеткенден кийин алар унаа траспорту менен жүрүшкөн. Алар дээрлик токтобой жүрүшкөн, бул алардын жогорку уюшулгандыгы тууралуу айтып турат», — деп эсептейт ал.

Мурдараак УКМКнын басма сөз кызматы дин таануучуга кол салууга «Ислам мамлекетинин» жактоочуларынын тиешеси бар экенин билдирген болчу.

Билдирүүгө ылайык, андан сырткары Ички иштер министрлиги «ал кылмыштуу топко көмөк көрсөткөн» дагы эки адамды аныктаган — азырынча алардын аты-жөндөрү айтылбай эле. Алардын үйүн тинтүүдө экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, атылбас курал-жарак жана ок дарылар табылган.

Кадыр Маликовго кол салуу 26-ноябрь күнү кечинде Бишкектин түштүгүндө, «Асанбай» кичи районундагы «Народный» дүкөнүнүн алдында болгон. Андан кийин ал Бишкектин №4 шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Маликов Кыргызстанда исламды изилдөө менен алектенген дин таануучу.

Ал 27-ноябрда өлкөдөгү экстремизмге каршы аракеттерди көрүү боюнча маалымат жыйынын өткөрүшү керек болчу. Ошондой эле ал «Ислам мамлекетинин» Кыргызстанга карата коркунучу тууралуу бир нече жолу билдирүүлөрдү жасаган.

Андан сырткары Маликов бачабаздык үчүн өлүм жазасынын киргизилиши боюнча өткөн акцияларга дайыма катышып келген. Ал «гейлерге каршы» жана «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорлорун колдойт.

Окуядан кийин Маликов ага «Ислам мамлекети» тараптан кол салуу болгонун билдирген.

Видео: Азамат Каработоев.