Башкы прокуратура Ош аба майданында авариялык конуу жасаган Боинг 737-200 учагынын кыймылдаткычы менен гидравлика системасы 3000 метр бийиктикте иштебей калганын билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Авиа Траффик» компаниясынын Боинг 737-200 учагынын Ош аба майданында авариялык конуу жасоосунун болжолдуу себептерин жарыялады.

22-нобрда «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Красноярск — Ош каттамын аткарып жаткан учагы конуу маалында Оштогу аба майдандын учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен — Транспорт министрлиги менен Жарандык авиация агенттигинин версиясы боюнча, кырсыкка «начар аба ырайы» себеп болгон.

«Ош аба майданына жеткенден кийин аба ырайынын начардыгынан улам учак дароо эле конбостон экинчи жолу айланып келип конууга аракет кылган. Анда болжол менен 3000 метрлик бийиктикте учактын оң кыймылдаткычы менен гидравликалык системасы белгисиз себептер менен иштебей калган», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Көзөмөлдөө органынын маалыматы боюнча, кыймылдаткычы менен гидравлика системасы иштебей калгандан кийин экипаж командири Ош аба майданына авариялык конуу жасоо чечимин кабыл алган.

«Авариялык конуу жасоо маалында аба кемеси учуп-конуу тилкеси аркылуу болжол менен 1500 метр аралыкка барган», — деп кошумчалашкан Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

Пресс-релизге ылайык, Ош аба майданындагы кырсыктын себептери менен кесепеттерин иликтөө иштери уланууда. Ага Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин өкүлдөрү да катышып жатышат.

Оштогу авариялык конуу

22-ноябрда «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Красноярск — Ош каттамын аткарып жаткан «Боинг 737» учагы Оштогу аба майданга авариялык конуу жасаган.

Учактын ичинде экипаж мүчөлөрүн кошкондо 159 киши бар болгон — Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, алардын 10у жеңил жаракаттарды алышкан. Жабыркагандардын баары тең «Авиа Траффик» компаниясынан компенсация алышат, бирок азырынча анын көлөмү белгисиз.

Транспорт министрлиги менен Жарандык авиация агенттигинин болжолдуу маалыматтары боюнча, учактын авариялык конуусунун себептеринин бири «начар аба ырайы» болгон.

Өкмөт менен Транспорт министрлиги аба ырайына байланыштуу учак алгач Бишкекке конууга аргасыз болгонун, бирок кийинчерээк Ошко учуп кеткенин билдиришкен.

Транспорт жана байланыш министрлигинин башчысы Аргынбек Малабаев 23-ноябрдагы маалымат жыйынында кырсыкка учураган Боинг учагын оңдоого мүмкүн эмес экенин билдирген.

Бул 2015-жылдын ичинде Ош аба майданында орун алган экинчи авиакырсык — марттын аягында «Эйр Манас» компаниясынын учагы катуу жааган кардан улам учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен болчу.

Автору: Антон Козяев