10,5 миң сомдук жумшак мамалак оюнчуктары, аялдардын эксклюзивдүү көйнөктөрү жана бинбегдер — мунун бардыгы тең кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнүн көргөзмөсүндө коюлган. Өндүрүүчүлөрдүн өзүлөрү алар «начар» маркетинги жана өз товарларын сатуу үчүн интернет-ресурстарды пайдаланып жаткандыктарынан улам өнүгүп кете албай жаткандыктарын айтышууда.

«Bearman» компаниясынын негиздөөчүсү Турар Садыбакасов ата мекендик жумшак мамалак оюнчуктарын өндүрүү менен Кытайдагы буйрутмасы келбей койгондон кийин алектенип көрүү чечимине келгенин айтты.

«Биз 2014-жылдын күзүндө пайда болгонбуз. Идея кандай пайда болду дебейсизби? Мен карындашыма мамалак сатып берүүнү каалап, Кытайга буйрутма бергем. Анан мен үч ай күттүм, бирок товар келген жок. Кийин карындашым келип мүмкүн өзүң мамалактарды чыгарып көрөрсүң деп сунуш киргизди. Албетте анан мен карындашымдын жардамы менен мамалактарды өндүрүп көрүүгө макул болдум», — деди Садыбакасов.

Азырынча жумшак мамалактарды өндүрүү менен алектенген жалгыз кыргыз компаниясынын негиздөөчүсү өндүрүүнүн масштабдары анчалык чоң эмес экенин жана негизинен сатуулардын бардыгы тең компаниянын расмий сайты жана социалдык түйүндөр аркылуу жүргүзүлөрүн белгиледи.

Мамалактардын баалары көлөмүнө жараша ар кандай: бийиктиги 130 сантиметр болгон жумшак оюнчуктун баасы 3 100 сом болсо, эң чоң мамалактыкы — 2 метр 80 см. — 10,5 миң сомду түзөт.

Бегаим Осмонованын Бишкекте кийим сатуу жана алардын дизайны менен алектенип баштаганына аз гана убакыт болду, бирок чоң атаандаштыктын бар экенинне карабастан анын кийимдери уникалдуу жана үч гана даанада чыгарыларын айтты.

«Менин бул иш менен алектенип баштаганыма аз гана убак болду, тагыраагы 2015-жылдын майынан бери. Баары менин өзгөчө көрүнгүм келгенинен улам башталган, анан ал бара-бара тез эле бизнеске айланып кетти. Менин көйнөктөрүм кандай гана фигура болбосун туура отуруп, жараша бергендиги менен уникалдуу» — деди Осмонова.

“Добрый жук” соода маркасынын өкүлү Наталья Васильева анын компаниясы алты жылдан бери улуттук бинбегдерди өндүрүп келерин жана учурда баасы 4 000 сомдон жогору болгон 10 түрдүү үлгүлөрү бар экенин айтты.

«Бинбегдердин өзгөчөлүктөрү болуп алардын максималдуу жайлуулугу жана отурган адамдын формасын бергендигинде. Биз бинбегдерди буйрутмалар боюнча даярдайбыз, сата турган жайларыбыз да бар, андан сырткары кампадагыларды да буйрутмалар менен алууга болот», — деди Васильева.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө колго жасалган нерселерди дүйнө жүзүнүн ар кайсыл бөлүгүнө жеткирүү менен алектенген «atrasia» сервисинин негиздөөчүсү Нурсултан Сулайманов улуттук рыноктогу товарлардын сапаттуу жана баасынын алгылыктуу болгонуна карабастан маркетингинин начардыгынан улам күчтүү атаандаштыкка ээ эмес деп эсептейт.

«Буга ылайыкташып оффлайдан онлайнга өтүү керек. Өз товарыңды интернетте кантип жайылтуу керектигин билүү зарыл. Эгер андай кылууну билбесеңер, анда кайсыл бир байкелер менен эжелер келип товарыңарды жарым баасына алып, Швейцариянын Цюрихине барып 300 пайызга кымбат сатышат» — дейт «artasiaнын» негиздөөчүсү.

Ал азырынча кичи бизнестин негизги көйгөйү болуп маркетинг жана товарларды алдыга жылдыруу жөндөмдүүлүктөрүнүн жоктугу эсептелип келерин билдирди.