Немис дизайнери Милан Вукович акыркы 15 жылдын ичинде болгон террористтик актылардын тарыхтарын камтыган кеңири карта түзгөн.

27 жаштагы берлиндик дизайнер Милан Вукович инфографика менен Париждеги жана Ливандагы теракттардан кийин алектенип баштаган. Карта өз ичине 2000-жылдын 1-декабрынан 2015-жылдын 13-ноябрына чейинки аралыктагы убакытты камтып, ал мезгил аралыгында болгон террористтик актылар тууралуу айтып берет.