Башкы прокуратура 2008-жылдагы «мыйзамсыз жер трансформациялоо» боюнча кылмыш ишин Октябрь райондук сотуна өткөрүп берди — бул иш боюнча айыпталуучу катары экс-президент Курманбек Бакиевдин бир катар үй-бүлө мүчөлөрү, экс-премьер-министр Игорь Чудинов жана экс-депутат Карганбек Самаков өтүп жатышат.

23-ноябрь күнү кечинде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 2008-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка, Байтик жана Кара-Жыгач айылдарындагы жерлерди «мыйзамсыз трансформациялоо» тууралуу кылмыш иши Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилгени жөнүндө жазылган билдирүү таратты.

«2008-жылы жер тилкелеринин «айыл чарбасына арналган жерлер» категориясынан «калк жашаган жерлер» категориясына мыйзамсыз трансформацияланышы тууралуу кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктады», — деп жазылган билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнч, бул иш боюнча экс-депутат Карганбек Самаковго («коррупция уюштуруу), экс-президент Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы Жаныш Бакиевге («коррупцияга көмөктөшүү), Самаковдун уулуна жана «төртүнчү жалган адамдарга» (коррупциядагы аткаруучулар») айып тагылган.

Андан сырткары башкы көзөмөлдөө органы экс-премьер-министр жана VI чакырылыштын депутаты Игорь Чудиновго, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге жана мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге (баары тең «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айыпталып жатышат) айып такты.

«Мыйзамсыз жер трансформациялоо»

2008-жылы 262 гектар жердин «мыйзамсыз трансформацияланышы» боюнча кылмыш иши 2015-жылдын май айында козголгон — анда анын башкы фигуранты Карганбек Самаков кармалган.

Экс-депутаттын туугандары Самаковго каршы козголгон кылмыш иши — бул «саясий буйрутма» экенин, а Аламүдүн районундагы айылдардын аймактарындагы жерлер «мыйзамдуу» сатылып алынгандыгын билдиришкен.

Көп өтпөй Самаков парламенттик шайлоого катышуусу үчүн эркиндикке чыгарылган. Ал октябрда өткөн шайлоого «Кыргызстан элдеринин конгресси» партиясынын тизмесинде катышкан.

2015-жылдын сентябрында Башкы прокуратура айыпталуучулардын санын көбөйткөн — алардын арасына 2010-жылы бийликтен куулган экс-президент Курманбек Бакиевдин командасынын мүчөлөрү: экс-премьер-министр Игорь Чудинов менен экс-вице-премьер Искендер Айдаралиев киргизилген. Бул аты аталган саясатчылар да парламенттик шайлоого талапкер катары катышышкан.

Башкы көзөмөлдөө органы Борбордук шайлоо комиссиясынан Самаковду, Чудиновду жана Айдаралиевди камакка алууга ыйгарым укук берүүнү сураган, бирок шайлоо комиссиясы баш тартып койгон.

Учурда «Бир Бол» фракциясынан депутат болуп отурган экс-премьердин өзү дарегине айтылган айыптоолорду «кара пиар» деп атаган.

«Бул иш боюнча мени бир жыл мурда эле жоопко тарта алышмак, бирок эмнегедир дал шайлоо өнөктүгү башталган кезде киришишти. Анан албетте партияга басым жасалып жаткандыгы дароо түшүнүктүү болууда, мына ушундай “кара  пиар”. Мунун кимге керек экенин айтпайм, баары бир түшүнүктүү», — деп билдирген Чудинов vesti.kgге курган маегинде.

Анда экс-премьер Самаковдо «бардык тиешелүү документттердин болгондугун», ошондуктан ошондой чечим кабыл алынып, андан соң ага Юстиция министрлиги баш болгон 12 министрликтин башчылары кол койгондуктарын билдирген.

Курманбек Бакиев беларустун TUT.by порталына курган жакындагы эле маегинде кыргыз бийлигинин ага каршы козгогон бардык кылмыш иштери «жасалма» экенин билдирген. Учурда ал Беларустун борбору Минск шаарында жашап жатат.

Бир тууганы президент болуп турган мезгилде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиевдин азыр каякта экендиги белгисиз.

Арстанбек Ногоев болсо учурда Орусиянын Пенза облусунун өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары кызматында иштеп жатат.