Түп районунун Тасма айылындагы мончо үч жылдан бери иштебей турган. Аны айыл тургуну сатып алып, оңдоп түзөөдөн өткөргөндөн кийин мончо элге кызмат көрсөтө баштады.

Tasma_MOncho (4)

Тасма айылындагы коомдук мочно совет доорунун аяк чендеринде курулган. Андан бери мончонун ээси төрт жолу алмашкан. Быйыл аны айыл тургуну Сагынай Осмонакунова үй-бүлөсү менен сатып алып, учурда мончо кайрадан иштей баштады.

Tasma_MOncho (1)

Мончо от жаккан жерден, кийинчү жана жуунчу бөлмөлөрдөн турат. Осмонакунованын айтымында, мончону оңдоп түзөө үчүн 40 миң сомдой акча каражаты кеткен.

Tasma_MOncho (8)

“Эскини оңдогондо көбүрөөк акча талап кылат экен. Мештери жыртылып жараксыз нерселери көп экен. Тактайларынын баары чирип, цементтердин баары ураптыр. [...] Аларды кайрадан тазалоодо көп эле кыйынчылыктар болду”, — деди мончо ээси.

Tasma_MOncho (5)

Ал кеткен каражатын актайт деп эсептейт. Болгону учурда айыл ичинде тургундарга мончо тууралуу маалымат жетпей жатат деген ойдо Осмонакунова.

Tasma_MOncho (7)

“Азыр жаңы иштетип жатабыз. Элдерге кулактандыруу жетпей жатат окшойт. Бирок түшкөндөр жакшы маанай менен кетип жатышат. [Оңдоого кеткен чыгашаны] актайт деп ойлойбуз, дароо актабайт да, ага да убакыт керек”, — дейт ал.

Tasma_MOncho (10)

Алдыда Осмонакунова мончонун кире беришиндеги чоң бөлмөнү душ кылып, ага улай дагы бир бөлмөгө компьютердик оюндарды ачуу ниетинде.

Tasma_MOncho (9)

Тасма айылынын тургундары мончонун жаңыланып кызмат көрсөтө баштаганына оң көз карашта. Мончонун кызматынан пайдалануу 80 сом турат. Бирок айрымдарын мончого түшүү баасы канааттандырбайт.

Tasma_MOncho (2)

“Мурда үстүнөн тамчы тамчу. Шыбын жылуулашыптыр, кафель чаптаптыр, кире беришти цементешиптир. Акчасы кымбатыраак. Ичи ошончолук жакшы болгону менен 50 сомдон деле кылса болмок. Көп киши келмек”, — дейт айылдын жашоочусу Назира Адырбекова.

Tasma

Коомдук мончо аптасына эки күн иштейт - ишемби күндөрү аялдарга, жекшембиде болсо эркектерге ачык.