Бир канча жолку жер титирөөлөрдүн жыйынтыгында Ош облусунун Кара-Суу районунда 150дөн ашык үй зыянга учураган, алардын ону оңдоого болбой турган абалга жеткен. 17-18-ноябрь күндөрү Кыргызстандын түштүгүндө төрт жер силкинүү катталып, алардын эң кубаттуусу 7 баллга жеткен.

Тема боюнча:
Кыргызстандын түштүгүндө эки жер силкинүү катталды, курмандыктар жок, үйлөрдө жаракалар пайда болду
Ош облусу: Жер титирөөдөн кийин үй-тамдар жараксыз абалга кептелди [сүрөт]

12249653_1014294198622560_841768223482508937_n

Премьер-министр Темир Сариев менен өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 17-18-ноябрь күндөрү болгон жер титирөөлөрдөн зыян тарткан Ош облусунун айылдарынын абалы менен таанышышты.

12274358_1072916289448491_7112860068947189909_n

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, силкинүүлөрдүн очогу катталган Кара-Суу районунда 152 турак-үй зыянга учураган: алардын 140ы катуу зыянга учураса, дагы 10 үй оңдоого болбой турган абалга жеткен.

11219650_1072916309448489_1427323172629663154_n

«Абал менен таанышуу маалында Кара-Суу районунун үйсүз калган жашоочулары үчүн убактылуу жашаганга чатырлар бөлүнгөндүгү белгилүү болду. Өкмөт 2-3 күндүн ичинде суукта жашап турууга ылайыкташтырылган атайын жылууланган контейнерлерди алып келет», — деп билдиришти министрлер кабинетинен.

IMG_1802

Жылууланган 50 чатырдын баары жер титирөөдөн катуу жабыркаган Кара-Суу районунун айылдардын бири Чайчиге жеткирилгенин Kloop.kgге билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

11221824_906586036085146_8583425795377013305_n

агы 100 чатырды каерде үй жабыркаган болсо, талап болгон жерге алып барып беребиз", - деп билдирди ӨКМнин басма сөз кызматынан.

IMG_1807

Кара-Суу районунун Чайчи айылынын тургуну Акбермет Осмонова жаш балдарын кечинде туугандары үйлөрүнө алып кеткенин, калгандары машинада түнөгөнүн Kloop.kgге айтты.

12241566_906585626085187_5045968518043915574_n
Чайчи айылынын көрүнүшү

"Ооруп-сыркап отурабыз. Тамак-ашты туугандарыбыз колдорунан келишинче алып келип берип атышат, ошолорду жеп турабыз азырынча. Мамлекеттен жардам беребиз деп жатышат, бирок кандай жардам берилээри азыр билине элек. Азыр палаткаларды алып келип тикти кечинде ошого көчүп кирип жатабыз", - деди Осмонова.

12241756_1072916262781827_7604648836449353117_n

Өкмөттүн маалыматы боюнча, жарабай калган үйлөрдүн ордуна жаңыларын тургузуу «жер титирөөдөн кийин урагандыгы» текшерилгенден кийин башталат.

Түштүктөгү жер титирөөлөр

Биринчи жер силкинүү 17-ноябрь күнү кечки саат 23:29да болгон. Анын очогу Ош облусунун Кара-Суу районунда катталып, андагы кубаттуулугу 7 баллды түзгөн. Силкинүүлөрдүн магнитудасы Ошто — 6, Өзгөндө — 5-6 жана Жалал-Абадда — 4-5 балл болгон.

Экинчи жер титирөө ошол эле райондо 18-ноябрь күнү түнкү саат 02:03тө болуп, силкинүү очогундагы кубаттуулугу 4 баллды түзгөн.

18-ноябрь күнү эртең менен жана күндүз дагы эки жер силкинүү катталган, алардын магнитудасы 2-3 балл болгон.

Расмий маалыматтар боюнча, курмандыктар болгон жок.

Тема боюнча:
Кыргызстандын түштүгүндө эки жер силкинүү катталды, курмандыктар жок, үйлөрдө жаракалар пайда болду
Ош облусу: Жер титирөөдөн кийин үй-тамдар жараксыз абалга кептелди [сүрөт]

Соавтор: Диана Абдуллаева

Сүрөттөрдүн айрымдары жергиликтүү тургундар тарабынан жиберилди жана кээ бири аты аталган мамлекеттик мекемелердин басма сөз борборуна таандык