RAP View долбоорунун авторлорунун бири, рэппер Медербек Ырсалиев кезектеги жаңы ырын чыгарды. Бул жолкусунда ал Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы тарабынан жалпысынан 2,6 млн. сомго депутаттар үчүн жаңы креслолорду сатып алуу аракетине арналган.

Көңүл буруңуздар! Ырдын текстинде адепсиз сөздөр бар. Эгер видеону көрүү сиздерге кандайдыр бир зыянын тийгизет деп эсептесеңиздер, анда аны көрүүдөн карманууңуздарды сунуштайбыз.

Жогорку Кеңеш үчүн жаңы креслолорду сатып алууга билдирме мамлекеттик сатып алуулардын сайтында 8-октябрда пайда болгон — парламенттин иш башкармалыгы ага 2,6 млн. сом жумшоону пландаган — ар бир креслого 22 350 сомдон.

Креслолорду сатып алуу тууралуу билдирме пайда болору менен социалдык түйүндөрдө дароо эле «#120кресел» деген аталыштагы өнөктүк башталган — соцтармактардын колдонуучулары парламентке жаңы креслолордун сатылып алынышына каршылык көрсөтүү катары өз жумуш орундарын сүрөткө тартып, аларды өз баракчаларына жайгаштырып башташкан.

Анда ошол кездеги депутаттардын жана парламенттин VI чакырылышына өткөндөрдүн бир катары да креслолордун мындай суммага алмаштырылышына каршы пикирлерин билдиришкен.

11-октябрда avaaz.org сайтында петиция пайда болуп, анын авторлору ал 2,6 млн. сомду рак менен ооругандарга дары-дармек жана жабдууларды сатып алууга жумшоого чакырышкан.

13-октябрда Мамлекеттик сатып алуулар порталында Парламенттин иш башкармалыгы креслолорду сатып алууга жарыяланган тендерди токтоткондугу жазылган билдирүү пайда болгон.

Тендердин токтотулушунун себеби катары «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдын 31-беренесинин биринчи пункту келтирилген. Анда төмөндөгүдөй деп жазылган:

«Эгер сатып алуу зарылчылыгы жоюла турган болсо, анда сатып алып жаткан уюм келишим түзүлгөнгө чейинки каалаган убакта мамлекеттик сатып алуулар процедурасын токтото алат».

Kloopтун техникалык колдоосу менен даярдалган RAP View долбоорунун башка чыгарылыштары:

4-чыгарылышы: жолдордогу башаламандыктар тууралуу
3-чыгарылышы: Кыргызстан ЕАЭБдин акчасын кантип коротууда?
2-чыгарылышы. Ысык-Көлдүн жээгиндеги айылдагы башаламандыктар тууралуу
1-чыгарылышы. Коркмазов менен Нарымбаевдин кармалышы тууралуу