Британиялык «Глобус» театры Бишкекте Уильям Шекспирдин «Гамлет» пьесасын койду. Kloop.kg аны түз эфирде көрсөттү.

Түз трансляция. Пьеса болгону БИР гана жолу көрсөтүлөт, көчүрмөсү болбойт. Аны Кыргызстандын аймагынан гана көрүүгө болот.

Пьеса 7-ноябрь күнү кечинде Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драмалык театрында коюлду — ал улуу драматург Уильям Шекспирге таандык болгон британиялык «Глобус» театрынын бүткүл дүйнөлүк Globe to Globe турнесинин алкагында коюлууда.

Театр труппасы пьесаны Шекспирдин туулганынын 450 жылдыгынын урматына 2014-жылдан бери дүйнөнү кыдырып коюп жүрөт.

Тааныштыруу трейлери:

«Гамлет» — Шекспирдин беш актыдан турган трагедиясы, ал анын эң белгилүү пьесаларынын бири болуп эсептелет. Ал падыша атасын өлтүрүп, такты ээлеп алган агасынан өч алган даниялык канзаада Гамлет тууралуу баяндайт.

Биринчи жолу ал 1600-жылы «Глобус» театры тарабынан коюлган.

«Глобустун» өзү 1599-жылы Лондондо пайда болгон — ал Уильям Шекспир эмгектенген Lord Chamberlain’s Men актердук труппасынын каражатына курулган.

1613-жылы театрдын имараты өрттөнүп кетип, бир жылдан соң ал кайрадан жаңыча ишин баштаган — бирок белгилүү драматургдун катышышуусуз. Театр ал көрүнүшүн 1642-жылга чейин сактап турган, анда Лондондогу башка театрлар да пуритандар тарабынан жабылган болчу.

Театр кайрадан 1997-жылы калыбына келтирилген — анын жаңы имараты Шекспир маалындагы «Глобус» турган жерден 200 метр алыстыкта жайгашкан.

Театрдын башкы репертуарын бүгүнкү күнгө чейин Шекспирдин пьесалары түзөт. Учурдагы «Глобустун» ички жасалгасы болушунча Шекспирдин убагына жакындаштырылган, бирок коопсуздук талаптары боюнча, бүгүн анын залында 1300дөн ашык эмес гана киши боло алат. А мурдагы театрга 3000ге чейинки сандагы көрүүчү батчу.

Башкы сүрөттүн автору: Bronwen Sharp