Ноябрдын аягында жүзгө жакын өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкер №19 түзөтүү абагынын аймагына курулган жаңы комплекске которулушат. Ал мындай типтеги Кыргызстандагы алгачкы абак болот.

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар башка камактагылардан өзүнчө кармалып туруулары керек — муну Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 99-беренеси талап кылат.

kolonia_0022

Бирок Кыргызстанда андай кылмышкерлерге арналган атайын абактын жоктугунан улам бул норма сакталбай келген.

№19 түзөтүү абагынын аймагына курулган комплекс өмүр бою эркинен ажыратылгандар гана кармала турган Кыргызстандагы алгачкы түрмө болот.

kolonia_0023

Абактын өзү Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылынын борборунан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан.

kolonia_0025

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) маалыматы боюнча, жалпысынан Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 300гө жакын кылмышкер бар. Алардын баары тең акырындык менен №19 түзөтүү абагына которулушат. Бирок бул мамлекет жаңы комплексти толугу менен куруп бүткөндөн кийин мүмкүн болот. Курулуш иштери өкмөт зарыл болгон каражатты толук бөлө албай жаткандыктан кечеңдөөдө.

kolonia_0026

Комплекстин курулушу 2007-жылдан бери уланып келе жатат жана анын толук курулуп бүтүшү үчүн 375 миллион сом талап кылынат. Бүгүнкү күнгө карата ал сумманын болгону 215 миллиону гана бөлүнүп берилген.

Жаңы комплекс өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн Казакстанда курулган «Черный беркут» түрмөсүнүн мисалында тургузулууда. Өз кезегинде «Черный беркут» түрмөсү Орусиянын өмүр бою эркинен ажыратылгандары үчүн курулган «Белый лебеддин» үлгүсүндө тургузулган.

kolonia_0030

Андагы камактагылардын камерадан чыгып, тепкичке жетүүсү үчүн кеминде 5 эшиктен өтүүлөрү керек болот: үчөөсү камеранын өзүнөн чыгаруучу жана дагы экөөсү тепкичке жеткенге чейинки жолдогусу.

kolonia_0032

kolonia_0028

Түрмөнүн жакынкы убактарда өмүр бою эркинен ажыратылгандар алынып келине турган бөлүгү өткөн жылы эле даяр болгон, бирок кадрлардын жетишсиздигинен анда эч ким кармалбай келген. Коркунучтуу кылмышкерлерди которуу чечими камактагылардын №50 тергөө абагынан качып кетүүсүнөн кийин кабыл алынып отурат. Алардын качуусу маалында ЖАМКнын төрт кызматкери каза болгон болчу.

Тема боюнча: Видео: Абактардагы системалык көйгөйлөр кылмышкерлердин качуусуна алып келди [видео]

Учурда №19 түзөтүү абагында кармалып турган кылмышкерлер катаал режимдеги абак макамын ала турган №27 түрмөгө которулушат. Анда биринчи жолу оор кылмыштар үчүн соттолгондор кармалышат.

ИК-27
№27 түзөтүү абагы
ИК-27
№27 түзөтүү абагы

Соттолгондор абакка жеткирилген алгачкы 10 күндө бардыгы тең карантин аймагында болушат. Андан соң алар камераларга бөлүштүрүлүшөт.

Ошондой эле №27 түзөтүү абагында Кыргызстандагы алгачкы «Кызыл зона» пайда болот, анда соттолгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалышат.

"Красная зона" в ИК-27
№27 түзөтүү абагындагы «Кызыл зона»

Автор: Эвелина Зайцева