Орусиялык Metrojet авиакомпаниясынын учагы Синай жарым аралынын түндүгүндөгү чөлгө 31-октябрда кулап түшкөн. Бир катар ЖМКлар бул кырсыкты орус жана совет тарыхындагы «ири кырсык» деп аташты: учактагы 224 жүргүнчүнүн баары тең каза болушкан. Kloop.kg бул кырсык тууралуу азыркы тапта белгилүү болгон маалыматтарды топтоду.

Орусиянын Metrojet (мурдагы «Когалымавиа») авиакомпаниясынын Шарм-эль-Шейх-Санкт-Петербург каттамын аткарып жаткан Airbus А321 учагы 31-октябра Синай жарым аралынын түндүгүндө кыйрап түшкөн. Учак кырсыкка Шарм-эль-Шейх аба майданынан учкандан көп өтпөй кабылган  — эртең мененки саат 5:50дө египет аба майданынан көтөрүлгөн орус учагы 23 мүнөттөн кийин радардан жоголгон.

Кырсыктан 224 киши каза болду, алардын жетөөсү — экипаж мүчөлөрү. Каза тапкандардын дээрлик бардыгы Орусиянын жарандары болушкан, алардын арасында төрт украин жана Беларустун бир жараны бар болгон.

Египеттеги авиакырсыктан 224 киши каза болду, алардын 17си жаш балдар
Египеттеги авиакырсыктан 224 киши каза болду, алардын 17си жаш балдар

Кулап түшкөн учак кырсыкка чейин 18 жыл пайдаланууда болгон. Metrojet компаниясына чейин ал түркиялык Onur Air жана ливандык Middle East Air авиакомпанияларына таандык болгон. Орусиянын РБК маалымат агенттиги учак 2001-жылы, Metrojet компаниясына таандык боло электе Каирге конуп жатып аба майдандагы тилкеге арткы бөлүгү менен тийгендигин билдирди.

«Анда кемтик жерлеринин баары жоюлган болчу, бирок оңдоо маалында кайсыл бир жерин байкабай калган болуулары мүмкүндүгү жокко чыгарылбайт», — деп жазды агенттик.

ЖМКлар эксперттер учактын канат бөлүгүнөн «термикалык жана физикалык бузулууларды» тапкандыктарын билдиришти. Ал маалыматтарга ылайык, бул учактын абада эле күйүп баштаган болушу мүмкүндүгү тууралуу айтып турат.

002

Кырсыкты иликтөө менен алектенип жаткан Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин аткаруучу директору Виктор Сороченко учак абада эле кыйраганын билдирди. Бул тууралуу учактын сыныктары кырсык болгон жердин айланасындагы бир нече чакырым аянтка чачырагандыгы айтып турат.

Орусиянын «Интерфакс» маалымат агенттиги египеттик булактарына шилтеме жасоо менен А321 «үстү жагы менен кулаганын», а кырсыктын алдында ал эч кандай мүчүлүштүктөр тууралуу кабарлабагандыгын билдирди.

«Такталган маалыматтар боюнча, учактын командири коркунуч белгилерин берген эмес, эч кандай мүчүлүштүктөр тууралуу билдирген эмес жана авариялык конуу тилкесин сураган эмес», — деп жазган «Интерфакс» булагынын берген маалыматын.

Эксперттер азырынча орусиялык учактын кыйрашынын себептери тууралуу айтуу эрте экенин билдиришүүдө.

Бирок AFP агенттиги «Ислам мамлекети» террористтик уюмуна байланышы бар топ кырсык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын жазып чыккан.

«Рейтер» агенттигинин маалымат боюнча, бул тууралуу билдирүү согушкерлердин твиттер-эккаунтунда пайда болгон. Өз кезегинде Орусиянын Транспорт министрлиги учак атылып түшүрүлгөн болушу мүмкүн деген бир катар ЖМКлардын билдирүүдөрүн четке какты. Мекеме окуя тууралуу ырасталган маалыматтарды алганга чейин «кандайдыр бир версияларды айтып, талкуулоонун кажети жок экенин» билдирди.

А321дин «кара кутулары» анча-мынча зыянга учураган — эксперттер андагы маалыматтарды чечмелөөгө киришишти. Кырсыктын себептерин иликтөөнү Росавиация менен Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин катышуусунда египеттик тарап жүргүзүп жатат. Ошондой эле аларга Жарандык авиациянын коопсуздугу боюнча француз агенттигинен эки адис, Airbus компаниясынын алты өкүлү жана Германиядан эки эксперт кошулуусу керек.

Каза болгондорду таануу процедурасы Санкт-Петербургда өтөт — мындай чечимдин кабыл алынышын каза болгондордун туугандары чет өлкөгө учуп убара болбосун деп шаар бийлиги өтүнгөн. Каза тапкандардын 144нүн сөөгү Орусияга 2-ноябрда жеткирилди — орус ӨКМинин учагы аларды Санкт-Петербургдагы «Пулково-2» аба майданына жеткирди. Азырынча авиакырсыктын калган курмандыктарынын сөөктөрү Орусияга качан жеткилирээри белгисиз.

Бул кырсыкка байланыштуу бүткүл Орусия боюнча 1-ноябрь аза күтүү күнү катары жарыяланган. Санкт-Петербургдун бийлиги шаарда аза күтүүнү 2-3-ноябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Санкт-Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко жашаган жери жана жарандыгына карабастан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн бардыгына тең шаар материалдык жардам көрсөтөрүн айтты.

Петербург аянтындагы аза күтүү акциясына бир нече миң киши чогулду. Сүрөт: Андрей Куликов, «Бумага»
Петербург аянтындагы аза күтүү акциясына бир нече миң киши чогулду. Сүрөт: Андрей Куликов, «Бумага»

«Биз бул жардамды алардын Санкт-Петербургдун, башка аймактардын же башка өлкөнүн жашоочусу экенине карабастан баарына көрсөтүүнү пландап жатабыз, анткени бүгүн алар бул кайгылуу окуя менен биригишти», — деп жазды «Интерфакс» Полтавченконун айткандарын.

Аны менен катар Metrojetтин жоопкерчилиги камсыздандырылган «Ингосстрах» компаниясынын өкүлдөрү авиакырсыктан каза болгондордун туугандарына төлөнүп берилчү сумма ар бир жүргүнчү үчүн эки миллион рублден ашык болорун билдиришти.

«Каза болгондордун туугандарына төлөп берүү приоритеттүү болуп эсептелет жана алар болушунча кыска убакыттын ичинде, биринчи кезекте төлөнөт», — деп билдиришти компаниядан.

Metrojetтин учактары менен болгон алгачкы кырсык эмес

Metrojet авиакомпаниясы 1993-жылы негизделген. Анда ал аймактык компания болуп эсептелип, «Когалымавиа» деп аталган. Когалымдан, Сургуттан жана Нижневартовсктон Москвага каттамдарды аткарып турган.

2012-жылы компания ребрендинг жүргүзүп, Metrojet деп аталып калган. Ошондо эле анын авиапаркын толугу менен Airbus учактары түзүп, алардын орточо жашы 14 жылды түзгөн. Ошондон тарта Metrojet каттамдарынын көбүн Египетке аткарып баштаган.

31-октябрдагы авиакырсык — бул компаниянын учактары кабылган алгачкы кырсык эмес.

2010-жылы «Когалымавиага» таандык Ту-154 учагы Ирандын Мешхед аба майданына одоно конгон — анда 40ка жакын киши жаракат алган болчу. Ошол эле жылы компаниянын Airbus A320 учагы Москванын «Домодедов» аба майданына авариялык конуу жасаган.

2011-жылы Сургут-Москва каттамындагы Ту-154 учагы учуу тилкесинде күйүп кеткен. Ал кырсыктын жыйынтыгында үч киши каза болуп, дагы 43ү жаракат алышкан.

Башкы сүрөт: ТАСС

Сүрөт: Андрей Куликов, «Бумага»